Кытай Айга адам жиберүүгө камданууда. Regnum маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн аймагында 4 астронавт катышкан эксперимент башталды. Алар 200 күн бою жабык капсуланын ичинде жашашат.
Капсула азыр жасала элек "Юэгун-1" станциясына окшош. Бирок анын Айга курулушун 2025-жылы баштоо пландалып жатканы маалым болду. Аянты 160 чарчы метр болгон капсулада 200 күн жашоого макул болгон ыктыярчылар Бэйхан аэрокосмостук университеттин бүтүрүүчүлөрү - эки кыз жана эки бала.
"Алар жөн гана ичип, уктай бербестен, ар кандай илимий тажрыйбаларга катышышат. Ал эми илимий тажрыйбаларды окумуштуулар уюштуруп, ыктыярчылардын ден соолугун көзөмөлдөшөт. Эгер ойдогудай болбой калса, капсуладагы адамдар алмаштырылат", - деп жазылат маалыматта.
Бул мындай эксперименттердин биринчиси эмес. Буга чейин ыктыярчыларды 100 күнгө жашатышкан.