О! мобилдик оператору «Добуштук чат» жаңы сервисин ишке киргизди

О! мобилдик оператору бардык каалоочуларга эркин баарлашуу үчүн «Добуштук чат» көңүл ачуучу жаңы сервисти ишке киргизгендиги жөнүндө жарыялайт.

«Добуштук чатта» таанышып, сырдаш адамды издеп, таап же жөн гана бейтааныш адам менен баарлашып, убакытты өткөрүп, же болбосо өзүңүздүн түгөйүңүздү таап алсаңыз болот! Сервистин өзгөчөлүгү өз оюңузду анонимдүү билдирүүдө жатат, себеби чаттын бардык номерлери жашыруун боюнча калат (сырдаштар аларды бири-бирине өздөрү билдиргенчекти).

Бул кандай иштейт?

«Добуштук чатта» баарлашуу үчүн 6612 номерин же *6612# буйрутмасын териңиз, андан соң сиз негизги менюга түшөсүз. Андан ары автомаалымдагычтын нускамаларын сактаңыз, тутум кокус тандоо менен 4 жеткиликтүү сырдаштан турган чат-бөлмөнү тандайт. Бир бөлмөдө 5ке чейин адам болушу мүмкүн.

Канча турат?

Алгачкы жолу кошууда 1 күн акысыз берилет, андан кийин абоненттик төлөм КНС эске алып, ССсыз 3 сом/күн түзөт. Мында сүйлөшүүлөрдүн убактысы чексиз.

«Добуштук чат» сервисинин дагы бир өзгөчөлүгү ал долбоор Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында ишке ашырылат, муну менен өлкөнүн ар түрдүү шаарлары жана региондору үчүн баарлашуунун бирдиктүү мейкиндиги түзүлөт. Сервис О! түйүнүнүн бардык абоненттери үчүн жеткиликтүү. Кенен маалымат www.o.kg сайтында.

О!дон «Добуштук чат» – таанышыңыздар, баарлашыңыздар!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Seryi-Kardinal
2017-05-13 16:57:30
taanywpai ele koiduk
0
maks94.kb
2017-05-13 17:22:13
Эптеп акча табуунун бир жолу экендиги белгилүү эле
+2
Tolkun555
2017-05-14 13:55:07
Ийгилик каалоочулар колдоно берсин.каалабагандарга кереги жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан