Сурамжылоо: ЭРТЕҢ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО БОЛСО... (15-29-май, 2017-ж.)
SUPER.KG порталында быйыл өтө турган президенттик шайлоого карата сурамжылоонун жаӊы айлампасы старт алды.
Чубак Жалилов, Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов жана Сапар Исаковдон турган алдынкы бештик соӊку 2 аптанын жыйынтыгында өзгөрүүсүз калды. Алдынкы бештиктен кийинки орундарда деле кескин өзгөрүү болгон жок, тизмени Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев улантат. Кезектеги айлампада Турсунбек Акун 1 пайызга жетпеген добуш топтоду. Ал президенттик шайлоого талапкер катары катышарын расмий жарыялагандыгына байланыштуу тизмеде калат. 2 апта аралыгында ажолукка ат салышарын расмий билдирген жаӊы ысымдар болгон жок. 19-май күнү КСДПнын курултайы өтөрү күтүлүүдө. Бийликтин командасынан чыга турган талапкер ошол күнү ачыкталат деген жоромолдор бар.
Урматтуу окурман, добуш берүү бөлүмүнө өтүү үчүн шилтемени басыӊыз.
Эскертүү! Сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланат. Кийинки жаңылануу 29-майда, саат 12:00дө болот. Жаңылануу болгон сайын тизме өзгөрүшү мүмкүн.