“Министрликте бир күн иштебегендер министр, сотто иштебегендер сот болуп жатат”, - деп бүгүн, 17-майда парламентте “Бир Бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров билдирди.
Ал аталган фракция бир тармакты жетектөө үчүн 10 жылдан кем эмес ошол мекемеде иштеш керек деген мыйзам долбоор жазганын белгилеп, өкмөт бул боюнча корутунду бербей жатканын айтты.
Ошондой эле өкмөт академиктердин сынагын гезитке жарыялабаганын кошумчалады. “Акыркы убактарда Өкмөт чече турган маселени мыйзамга шылтап жатат. Алар мыйзам кабыл алынгандан кийин чечели дешүүдө. Өкмөт эчак эле академиктердин сынагын гезитке жарыялаш керек болчу”, - деди депутат.
Жыйында “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.