“Баткен шаарында Жаштар үйүнүн курулуш иштери аяктап, ноябрь айында колдонууга берилүү алдында
турат. Курулушка 2011-жылдын октябрь
айында Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги тарабынан 2 миллион
600 миң сом, облустук мамлекеттик
администрациясынан 2 миллион 600 миң сом бөлүнүп берилген. Бул
курулуш 5 миллион 200 миң сомго бааланган, бирок акырында жумуштун көлөмү көбөйүп, каражат
7 миллион 200 миң сомду түздү. Келечекте Жаштар үйүн жаштардын маданият очогуна
айлантып, аларга чет тилдер, компьютер ийримдерин ачып, санариптик китепкана
жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүнү пландаштырып
жатабыз”,- деп келечектен көптү үмүттөндүрдү Жаштар, эмгек жана иш менен
камсыз кылуу министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары
Кубаныч Сайкалов.