10:15. Бүгүн, 24-майда саат 10:00дө ырчы Анжелика менен түз эфирде маектешүү пландалган. Маекке Айчүрөк Иманалиева да чакырылган. Бирок ырчы айым бүгүнкү түз эфирге келүүдөн баш тартты.
Учурда SUPER.KG`нин алып баруучусу Таттыбүбү Садырбекова түз эфирдеги маегин баштады. Ал эми күтүлүп жаткан конок, ырчы Анжелика кечигүүдө.
10:20. Алып баруучу ырчыга көптөгөн суроолор келип жатканын айтууда. Суроолорду WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибере аласыз. Ошондой эле "Соңку кабар" аркылуу да ушул эле теманын ылдыйына комментарий калтырып, сизди кызыктырган суроолоруңузга жооп алсаңыздар болот.
10:25. Анжелика менен Дайыр Исмадияров аткарган "Кызыл гүлүм, ай" ыры жаӊырды.
10:30. Анжеликанын "Тилеп келем" ыры аткарылды. Ырчы түз эфирге дале келе элек.
10:32. Алып баруучу ырчы байланышка чыгып, күйөрмандарынан кечирим сураганын, 10-15 мүнөттө келип каларын билдиргенин айтты.
10:40. Анжелика келери менен түз эфир кайрадан башталат.
11:05. Ырчы SUPER.KG`нин кеӊсесине келди. Түз эфир башталды.
11:10. "Махабат көлү" ырына байланыштуу суроолорго жооп берүүдө.
"Бул ырды жолдошум жакшы көрүп, кыӊылдап ырдап жүрчү. Ырды жаздырардын алдында авторун издедим, көп адамдардан сураштырдым. Айчүрөк эженин ырдаганын уккан эмесмин. Көрсө, мен төрөлгөн кезде ырдап чыккан экен. Ал нерсени билбегеним үчүн кечирим сурайм.
Эже мага жаздырып берген ырлары үчүн бардык акчалар эсептелип, төлөнүп берилген", - дейт ырчы.
11:15. "Эже өзү кетирген эмгектерин акча менен эсептеп алганы үчүн, акча менен эсептешүүгө туура келип жатат. Душманга каалабаган нерселерди айтса да, мен Айчүрөк эжени жакшы көрөм", - дейт ырчы Анжелика.
Айчүрөк Иманалиевага болгон кол салуу боюнча суроого жооп узатып жатат.
11:17. "Менден башка деле душмандары бар. Бул боюнча күнөөлүү балдар кармалган. Алар кармалганда эже экөөбүз сүйлөшүп, "элдер экөөбүздү уруштурду, эмнеге бирөөлөргө ушундай болушуна жол бердик" деп бири-бирибизди кучактап алып ыйлаганбыз. Кийин мага да кол салуу болгон. Анын баары артта калды. Учурунда эже экөөбүз сүйлөшүп, чечишип алган элек".
11:20. "Каза болуп калган адамды, качып кеткен адамды бул ишке байланыштырыптыр. Алгач мен өспүрүм куракта улуу адам менен мени кандай максатта тааныштырды эле деген суроо берип көрсөк. Муктар байке адептүү, ыймандуу экен. Карындашымдын чыгармачылыгына жардам берем деп Айчүрөк эжеге жардам берип жүрчү. Мен билгенден эженин жакын досу болуп, Орусияга болгон гастролдорду каржылап, колдоо көрсөтүп турчу.
11:23. Анын мага болгон сүйүү сезимдерин, мамилесин да билчү эмесмин. Бул айтылган сөздөр боюнча Назми эже менен да сүйлөштүм. Назми эже: "Ооба, телефондо сүйлөшүп турганыӊды көрүп, Айчүрөк эже экөөбүз чоӊ адамдай сүйлөшүп жатат" дегенбиз дейт. Болгону ошол. Бул боюнча да кенен маалымат берилет".
11:25. "Мени турмушка бекем кылып, баарына чыдамкай болууга үйрөткөн Айчүрөк эже. Ал турмушта ар кандай кырдаалдар болушу мүмкүн экенин айтып, баарына даяр болууга үйрөткөн. Андыктан ага ыраазычылык билдирем.
Бирок кээде Айчүрөк эже мени товар катары колдонгонбу дейм".
Сүрөткө түшүү боюнча берилген суроого жооп:
11:30. "Жолдошума сүрөткө түшкөн такыр жакпайт, бирок мени жакшы көргөнү үчүн түшөт. Башында кечке эле сүрөткө түшө бересиӊби" деп жактырчу эмес. Кийинчерээк сүрөткө түшүү жакшы экенин, жагымдуу учурларды сактап каларын түшүнүп, акырын өзү байкатпай тарта баштады".
11:40. "Айчүрөк эжени сотко бересизби, кандай айыптоолорду коёсуз?" деген суроого жооп:
"Бул нерсени убакыт көрсөтөт. Мындай абал ар бир адамдын башына келиши мүмкүн. Андыктан мен ойлойм баарына мыйзам чегинде айткан нерсесине жооп бериши керек. Мен бала кезимден көптөгөн кыйынчылыкты башымдан өткөргөм. Андыктан түз эфирге келген себебим - болгон суроолорго ачык жооп берүү. Эжеге жаман сөз айтпайм, аны сыйлайм".
11:45. "Учурда Айжан Газиева экөөбүз жаштарды тарбиялап жатабыз. Алар ийгиликтүү болуп чыга келсе, аларга эч качан "мен өстүргөм, мен чыгаргам" деп айтпайм. Себеби бул нерсени өзүм башымдан өткөрүп жатам. Учурда бир топ долбоорлордун үстүндө иштеп жатам, пландар көп".
Суроо кайра эле Айчүрөк Иманалиевага болгон кол салуу боюнча болду.
11:50. "Бир нерсени айтуудан мурда далил болушу керек. Мен кол салганым тууралуу далил барбы? Мен эженин ыраазычылыгы үчүн дайыма жардам берип келем. Мен турмушка чыкканда "сени өмүр бою бактым, эми сен мени бак" дегенде жолдошум жок дебей, болушунча колунан келген жардамын берип келе жатат.
Ырларын сатып алгандан сырткары, канчалаган дүкөн, сулуулук салонун ачканда эжени сый конок катары чакырдым. "Сиз үчүн эшигибиз ачык, бул сиздин салон" деп сыйладык. Болгон сыйыбызды көрсөтүп, кызмат көрсөтүп келебиз. Бул нерсени эже да, үй-бүлөсү да жакшы билет".
11:55. "Дайыма мени тынч койчу дей берет. Мен ал эжеге эч нерсе кылган жокмун. Кайра эле өзү асылып, баарын өзү баштайт.
Бир жолу уулу Арген сүйлөшкөн кызы менен кетип баратыптыр. Аны көрүп абдан кубандым, себеби экөөбүз бир туугандай бирге чоӊойгонбуз. Кучактап ыйлап, экөөбүз көпкө сүйлөшкөнбүз. Сүйлөшкөн кызыӊа үлпөт көйнөк менден деп ал үчүн кубангам. Арген ошондо апасы үчүн аябай кечирим сураган", - дейт ырчы көзүнө жаш ала.
Айчүрөк Иманалиеванын "Анжелика Швейцарияга "Камбаркан" оркестри менен Бакиев Адыл Салиевич жана анын Айбек деген оң колу менен чогуу кеткен" дегени тууралуу.
12:05. "Швейцарияга кандай барып келгенибиз тууралуу көпчүлүгү билет, күбөлөр да бар. Анда Айчүрөк эже жолдошума СМС жазган "Анжеликаны улуу кишилер менен жибере бересиӊби" деп. Жолдошум "Ооба, кандай адамдар менен бара жатканын билем. Барып келсин" деген жооп узаткан", - дейт ырчы.
12:15. "Кептин баары акчада эмес, сөздө эмес, адамдын жан дүйнөсүндө. Ар дайым чын сүйлөш керек. Чындыктын жолу бир. Аны башкача айта албайбыз. Ар бир адамдын жакшы жагын алып, жашоонун жакшы жагын байкоого аракет кылалы. Чындык сен тарапта болсо да, кечирим сурап койсоӊ, оозуӊ кыйшыйып калбайт. Андыктан кечиримдүү болуу зарыл. Ар бир жасалган жакшылыкты бирөө үчүн эмес, Кудай үчүн кылсак".