Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 25-майда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Татарстандын Казань шаарына барды.
Казань шаарынын эл аралык аэропортунан Жээнбековду Татарстандын мамлекеттик кеңешинин төрагасынын орун басары Юрий Камалтынов тосуп алды.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында – вице-премьер-министр Олег Панкратов, Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, өлкөнүн КМШ уставдык органында туруктуу ыйгарымдуу өкүлү Кубанычбек Өмүралиев, маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары, Евразия экономикалык биримдигиндеги өкүлү Санжар Уметалиев, премьер-министрдин кеңешчиси Нурсулуу Ахметова жана башкалар бар.