SUPER.KG порталында быйылкы жылдын күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун жаӊы айлампасы старт алды.
Өткөн 2 аптанын жыйынтыгына көз жүгүртсөк, "Кыргыз жараны катары президенттикке талапкерлигимди коюшум толук мүмкүн, бирок ал бүгүн коюп жатат деген сөз эмес", - деп билдирген Чубак Жалилов кайрадан биринчи орунга чыкты. Бул инсан быйылкы жылы өтүүчү шайлоого катышпастыгын айткандыктан, тизмеден чыгарылды. Камакка алынып, саясий тагдыры бүдөмүк болуп турган Садыр Жапаровду колдоону ниет кылгандар дагы эле көп. Ал тизмеде экинчи орунга чыкты. Бийликтеги КСДП партиясынын саясий кеңеши президенттикке талапкер катары учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду алып чыгуу чечимине келген. Бирок бул талапкердин тандалышына ыраазы болбогондор да Атамбаевдин партиясында көп болуп жатканы айтылууда. Ошондой маанайдагылар колдодубу, айтор, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков бул ирет 3-орунга чыкты. Президенттик жарышка катышпастыгын билдиргендиктен, Сапар Исаков дагы тизмеден чыгарылды. Сурамжылоо старт алган маалда жалаң биринчи орунду багынтып жүргөн Адахан Мадумаровдун рейтинги төмөндөп баратат, ал – төртүнчү орунга чыкты. “Республика – Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов бул ирет алдынкы бештикти жыйынтыктады. Ажолук жарышка аттанганын расмий билдиргенине карабай, Турсунбек Акунду колдоп добуш бергендер болбой жатат. Андыктан ал дагы тизмеден чыгарылды.
Интернет желесине Ахматбек Келдибеков президенттикке талапкер катары аттанат деген маалымат тарады. Бирок саясатчы муну расмий тастыктай элек. Ошентип бул ирет тизме КСДПдан талапкер катары чыгары айтылган Сооронбай Жээнбеков менен толукталды.
Күн өткөн сайын президенттик шайлоого карата даярдык, талапкерлердин аракети күчөп, шайлоочулар “кимди шайлайм” деген суроо үстүндө ойлоно башташты. Демек, рейтингдерде келерки айлампада кескин өзгөрүүлөр да орун алышы мүмкүн.
Урматтуу окурман, добуш берүү бөлүмүнө өтүү үчүн шилтемени басыӊыз.
Эскертүү! Сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланат. Кийинки жаңылануу 12-июнда, саат 12:00дө болот. Жаңылануу болгон сайын тизме өзгөрүшү мүмкүн.