Сурамжылоо: ЭРТЕҢ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО БОЛСО... (29-май-12-июнь, 2017-ж.)

SUPER.KG порталында быйылкы жылдын күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун жаӊы айлампасы старт алды.
Өткөн 2 аптанын жыйынтыгына көз жүгүртсөк, "Кыргыз жараны катары президенттикке талапкерлигимди коюшум толук мүмкүн, бирок ал бүгүн коюп жатат деген сөз эмес", - деп билдирген Чубак Жалилов кайрадан биринчи орунга чыкты. Бул инсан быйылкы жылы өтүүчү шайлоого катышпастыгын айткандыктан, тизмеден чыгарылды. Камакка алынып, саясий тагдыры бүдөмүк болуп турган Садыр Жапаровду колдоону ниет кылгандар дагы эле көп. Ал тизмеде экинчи орунга чыкты. Бийликтеги КСДП партиясынын саясий кеңеши президенттикке талапкер катары учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду алып чыгуу чечимине келген. Бирок бул талапкердин тандалышына ыраазы болбогондор да Атамбаевдин партиясында көп болуп жатканы айтылууда. Ошондой маанайдагылар колдодубу, айтор, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков бул ирет 3-орунга чыкты. Президенттик жарышка катышпастыгын билдиргендиктен, Сапар Исаков дагы тизмеден чыгарылды. Сурамжылоо старт алган маалда жалаң биринчи орунду багынтып жүргөн Адахан Мадумаровдун рейтинги төмөндөп баратат, ал – төртүнчү орунга чыкты. “Республика – Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов бул ирет алдынкы бештикти жыйынтыктады. Ажолук жарышка аттанганын расмий билдиргенине карабай, Турсунбек Акунду колдоп добуш бергендер болбой жатат. Андыктан ал дагы тизмеден чыгарылды.
Интернет желесине Ахматбек Келдибеков президенттикке талапкер катары аттанат деген маалымат тарады. Бирок саясатчы муну расмий тастыктай элек. Ошентип бул ирет тизме КСДПдан талапкер катары чыгары айтылган Сооронбай Жээнбеков менен толукталды.
Күн өткөн сайын президенттик шайлоого карата даярдык, талапкерлердин аракети күчөп, шайлоочулар “кимди шайлайм” деген суроо үстүндө ойлоно башташты. Демек, рейтингдерде келерки айлампада кескин өзгөрүүлөр да орун алышы мүмкүн.

Урматтуу окурман, добуш берүү бөлүмүнө өтүү үчүн шилтемени басыӊыз.

Эскертүү! Сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланат. Кийинки жаңылануу 12-июнда, саат 12:00дө болот. Жаңылануу болгон сайын тизме өзгөрүшү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (151)
anarbaii
2017-06-08 12:11:00
Мен да оюмду озгорттум, Мадумаровду созсуз бийлике алып келиш керек!!! Коп иштерди жасайт корунот. Чубак ажы да бийликтин бир бутиагына келсе жакшы болмок.
+6
Yktyjar
2017-06-08 12:11:42
Мен айткандай эле болуптур Сооронбайга сурамжылоодо добуш бергиле деп Ошто окуу жайларда агитасия катуу журуп атат экен бул бийлик качан эле норм добуш алды эле дайым коркутуу уркутуу жолу менен
+5
anarbaii
2017-06-08 12:26:42
Мадумаров Жапаровду чыграт деп ойлойм
+8
tulpar90
2017-06-08 16:37:29
Акчага кызыкпаган чыныгы патриоттор Адахан Кимсанбаевичти колдойбуз. А акчага сатылгандар Бабановго окшогондорду шайлайт.
+5
kutman-kg94
2017-06-08 17:50:30
Садыр жапаров перет
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-06-08 18:16:46
Чубак ажы болсокен
-1
KAYRATBEK
2017-06-08 23:29:46
Мекендештерим ким кимди шайлайт оз эрки. Мен бироого жан тарпайм. Бирок КУДАЙДАН корккон адамды шайлайлы. Себеби КУДАЙДАН кокпогон адам КУДАЙДЫН пендесинен эч качан коркпойт. Биринчи КУДАЙДЫН буйругун аткарбаган адам кантип элдин буйругун аткарат айткылачы. Ошого КУДАЙДЫН буйругун кайсы талапкер канчалык денгеелде аткарат ошого конул буралы. Дагы бироон радикал деп чыкпагыла мен айткан нерсени киичине акылга салган адам тушунот ошого ушул тандообузда ото ото конул бололу.
+6
Kulatov
2017-06-10 18:30:07
Чубак ажы:көп аял алуу көп балалуу болуп сойкулук азаят дейт чубак ажы президент болуп калса 2 3төн аял алган уруксат десе жыргал болот турбайбы
-3
Aktilek001
2017-06-11 04:19:31
Бабанов президенттике татыктуу эмес деп ойлойм. Озунун бизнесин кылып эле жургону жакшы.
+4
Aktilek001
2017-06-11 04:22:59
Мадумаровко бериш керек бийликти. Баарын тартипке салып койот эле.Алысты коро билген ,сабаттуу, философиялык ой жугуртуусу да кучтуу.Эн башкысы Кыргыз Улутунун кызыкчылыгын биринчи кезекте жогору койгон инсан.
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-06-11 12:38:18
Не грамотныйлар уурулар чыккынчылар элди башкара алышпайт президент болбой жон эле айылда уй кайтарып журо бергилечи. Чубак ажы болсун илими билими жагынан эн кучтуу адам борбор азияда эн кучтуу шейх мен колдойм кудай кааласа эл башы болсун оомин.
-2
Baku88
2017-06-11 15:45:59
Азаматтар кеч болсо да акылынарга келип ак караны ажыратып таза инсан Мадумаровду колдоп атканынарга кудайга миң мертебе шүгүр айтам кыргызстандагы эң таза инсан Адахан Мадумаров
+2
Baku88
2017-06-11 15:49:42
Мен Мадумаров десем айрымдары сокконго чейин барган мен Адахан мырзаны эң таза инсан деп билем Мадумаров алга кыргыз элим сиз мн
+2
Snejana
2017-06-11 16:41:19
Текебаев баарынан мыкты! Колдойм.
-1
Snejana
2017-06-11 16:45:40
Кыргыз элим келгиле, бир добуштан Текебаевди колдойлу. Татыктуу президент болот буйруса. Текебаев Кыргызстанды онуктурот.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан