Бүгүн, 1-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда УКМКнын алдындагы митингде кармалгандардын иши каралууда.
Сот отурумунун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу митинг болгон күнү милиция кызматкерлери пластикалык бөтөлкөлөрдөн сокку жеп, алардын кийимдери айрылганын, денелеринен ар кандай жаракаттарды алышканын айтты.
Соттолуучу Сабыр Жапаров мамлекеттик айыптоочунун корутундусуна макул эмес экенин билдирди. "Мен ал күнү автобуста болгон эмесмин, күнөөмдү моюнума албайм. Биринчи Май РИИБине өзүм баргам. Мен инилеримди кармап кетти дегенинен эле өзүм баргам милицияга. Ошол күнү эки бөйрөгүн алмаштырган иниме түнкү саат 23:00гө чейин дарысын да ичирбей кармап отурушуптур. Ал өзү оорукчан болгондуктан 1 сааттан ашык басып жүрө албайт. Мага коюлган айыпка макул эмесмин. Бул Жапаровдордун баарын камагыла деген жогору жактан келген буйрук", - деди Жапаров.
Соттолуучу Чыңгызхан Кожогелдиев: "Айыпты толугу менен моюнума албайм. Мен буга чейин да мамлекеттин жүргүзгөн адилетсиз саясатына каршы чыгып соттолгом. Мен ал күнү концерт болот экен деп эле келгем. Кармаларыбызды билгенде келмек эмесмин. Мен эч нерсе уурдаган жокмун, тоногон жокмун болгону тилимдин азабын тартып жатам. Тилимди же башымды кесип гана менден кутуласыңар", - деп айтты.
Жабырлануучу милиция кызматкери Азамат Осмонов өз көрсөтмөсүндө: "Митингдеги тополоңдо менин погонумду бирөөлөр жулуп, денеме жаракат келтиришти. Бирок мен муну кимдер жасаганын билбейм. Соттолуучулардын арасында мени сабаган адамдар жок. Соттолуучуларга эч кандай доом жок. Мен жабырлануучу катары арыз жазган эмесмин, болгону жетекчиликке рапорт жазгам", - деп билдирди.
Патрулдук милициянын кызматкери Бактыбек Акбагыш уулу: "Мен соттолуучулардын бирин да тааныбайм. Мага чейинки кесиптешим айтып кеткендей эле буларга эч кандай доом жок", - деп кыскача айтып берди.
Митингде жабыркаган милиция кызматкери Туратбек Бобалиев: "Соттолуучуларды УКМКнын чыгыш тарабынан көргөм. Алардан Садыр Жапаровго "Боштондук!" деп кыйкырып жүргөнүн уккам. Булар мага эч кандай зыян кылышкан жок. Погонум айрылды. 2500 сомго 15 күн мурда алган туфлимдин таманы темир торго илинип айрылып калды. Соттолуучуларга доом жок".
Ошентип бүгүнкү соттук отурумда 2 соттолуучу жана 3 жабырлануучу суралып, кийинки отурум 8-июнга дайындалды.
Айта кетсек, 25-мартта УКМКнын алдында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин Бишкек ШИИББинин кабыл алып бөлүштүрүү жайына киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары кармалгандардын 12сине кылмыш иши козголуп, алар 2 айга камалышкан. Алардын арасында Рустам Жапаров бар. Бул кылмыш иши "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде экени айтылган.
Митинг учурунда 5 милиция кызматкери жабыркаган.