Сотто атасын көрүп ыйлаган балдар эки айдан бери аны көрө элек

Бүгүн, 1-июнь күнү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун тарапташтарынын сотунда ыйлашкан кичинекей балдар эки айдан бери атасы менен жолуга элек болчу.

Бул туурасында SUPER.KG’ге соттолуучу Чыңгызхан Кожогелдиевдин жубайы Динара Токтогулова айтып берди.

Уулдарым 4 жаштагы Билал жана 2 жаштагы Мансур атасын 25-марттан бери бүгүн соттон көрүп, “атама барам” деп ыйлашкандыктан сот залынан сыртка алып чыгып кеттим. Жолдошум экөөбүздүн 6 балабыз бар, жетинчисин көз жаруу алдында турам. Балдарым менен сотко катышуу үчүн Талас облусунун Бакай-Ата районунан келгем. Бүгүн, 1-июнь балдардын майрамына карата шаарга алып чыгып, атасын көрсөтүп сагынычтарын жазайын деп ээрчите келдим эле”, - деди соттолуучунун жубайы.

Эскерте кетсек, 1-июнда Садыр Жапаровдун тарапташтарынын сотунда наристелер тордо отурган атасын көрүп ыйлашкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
akil.91
2017-06-01 18:31:16
Эгерде жалган жалаа менен камалган болсо, каматкандарга ушул наристелердин коз жаштары жетет. Башка жазанын кереги жок...
+15
Medinaa
2017-06-01 18:35:14
Жүрөгүм ооруп кетти
+8
novayariga
2017-06-01 19:39:10
Кудайдан коркпогондор,кудайдан коркпогондор...
+8
Hatali
2017-06-01 20:06:44
Сабыр.,.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан