SUPER.KG порталында быйылкы жылдын 15-октябрында өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун кезектеги айлампасы жыйынтыкталды.
Соӊку 2 аптанын жыйынтыгында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров биринчиге чыкты. Өмүрбек Бабанов экинчини ээлесе, үчүнчү орунда Садыр Жапаров баратат. Соттук отурумдарда бийликти кескин сындап, сот ишин ачык өткөрүүнү талап кылып жаткан "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев бул айлампада дароо төртүнчү орунга көтөрүлдү. КСДПнын атынан талапкер болору жарыяланган Сооронбай Жээнбеков бир баскыч артка жылып, бешинчи орунду багынтты. Кийинки орундарда Бакыт Төрөбаев менен Темир Сариев. Соӊку 2 аптада Сооронбай Жээнбеков менен Темир Сариевге ишеним арткандар азайып, Өмүрбек Текебаев менен Бакыт Төрөбаевге колдоо көрсөткөндөр өстү.
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик жарышка катышам дегендердин документтерин кабыл алууну 15-июнда баштаган. Документтерди кабыл алуу 15-августка чейин уланат. Талапкерлердин тизмеси такталгыча SUPER.KG порталы жүргүзүп жаткан сурамжылоо убактылуу токтотулат.