Ишенбай Кадырбеков: "Ар бир шайлоодо чет жердеги кыргыздар үчүн ашыкча 1 миллион 200 миң бюллетень даярдалат"

17-майда "Ар Намыс" фракциясынын жыйынында "Шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат. Анда мыйзам боюнча баяндама жасаган БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков шайлоо учурунда мыйзам бузуучулукка жол берген фактыларга токтолду. "Шайлоолордо негизги бурмалоолор ашыкча бюллетендердин айынан болот",- деди ал.

Кадырбеков өлкөдөгү ар бир шайлоодо чет жердеги кыргыздар үчүн 1 миллион 200 миң ашыкча бюллетень даярдала тургандыгын айтты. "Бул шайлоочулардын көпчүлүгү буга чейин эле башка өлкөнүн жарандыгын алып алышкан. Бирок биз ага карабай аларга бюллетень даярдоону улантып жатабыз, бул шайлоо жыйынтыктарын бурмалоого жол ачат. Негизгиси шайлоочулардын тизмесин такташ керек",- деди Кадырбеков. Фракция жыйыны уланууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан