Алмазбек Атамбаев Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы менен жолугушту

Бүгүн, 28-июнда өлкөгө жумуш сапары менен келген Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынынын төрагасы Вячеслав Володин президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

"Мен президенттик кызматта турган мезгилде Орусия Федерациясы менен мамилелерди тиешелүү деңгээлге көтөрө алдык. Бүгүн бул жөн гана достук мамилелер эмес, стратегиялык эки союздаштын, өнөктөштүн бир туугандык мамилелери”, - деген Атамбаев.

“Биз өз ара мамиле түзүүдө конкреттүү жыйынтыктарга жетишүүгө умтулалы деп макулдаштык. Зарыл болгон маселелерди чечиш үчүн жумуш сапарга профилдик комитеттерди кошуп алганбыз. Өлкөлөр жана элдер ортосунда мамилелерди чыңдоо боюнча аткарып жаткан иштериңиз үчүн рахмат”, - деген өз кезегинде Вячеслав Володин.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз менен Орусиянын ортосунда кызматташуунун кеңири багыттары, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү маселелер, ошондой эле Орусиянын аймагында кыргыз мигранттарынын абалын жакшыртуу маселелери талкууланганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан