Депутат Дастан Бекешев өспүрүмдөрдү зордуктагандарды химиялык бычуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады

Жогорку Кеңешке өспүрүм балдарды зордуктагандарды химиялык бычуу боюнча мыйзам долбоору киргизилди. Долбоордун демилгечиси Дастан Бекешев бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан "Жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу" форумунда билдирди. "Учурда балдарга карата жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштар өсүүдө. Ошондуктан биз парламенттин кароосуна аталган мыйзам долбоорун киргиздик. Бул сыяктуу адамдар кийин мындай кылмыш кылууга мүмкүнчүлүгү жок болгондой кылып, катаал жазалануусу тийиш. Ошон үчүн мен бүгүн форумдун катышуучуларын аталган мыйзам долбоорун колдоого чакырам",- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан