КҮНСЕРЕП: Кыргыздын орусташкан тили Москвада мигранттарды ишсиз калуудан сактады

Бүгүн, 6-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Ушул жылдын 1-июнунда Орусияда ишкерлик багытта автоунаа айдоого чет элдик айдоочулук күбөлүктөрдү пайдаланууга тыюу салынган. Бул чектөө Кыргыз мигранттарына да ыӊгайсыздык түзүп, мекендештердин арасында нааразычылык күчөгөн эле. 5-июлда Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн колдонууга уруксат берилсин деген токтом кабыл алып, президенти Владимир Путинге кайрылуу жиберишти. Мамлекеттик Думанын депутаттары бул кадамды "орус тили Кыргызда расмий макамга ээ болгону үчүн" деп түшүндүрүүдө. Кыргыз Евразиялык экономикалык биримдикте союздаш экендиги же өлкөлөрдүн жакшы мамилеси үчүн деп эмес, Кыргызда орус тилине артыкчылык берилгени үчүн деген жүйө менен. Маалыматтарга таянсак, Путин Мамлекеттик Думанын сунушун колдоду.

Жакында Кыргыз жерине келген Орусиянын Федерация кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко аймакта орус тилин сактоого 2-ирет чакырык жасады. 2014-жылы Бишкекке келгенде дагы орус тилин өнүктүрүү керектигин айткан. Казакстан кириллицадан баш тартууга, 2025-жылдан латын алфавитине өтүүгө киришти. Өлкө лидери Нурсултан Назарбаев латын алфавити коомдун жаңыланышына, балдарга англис тилин бат үйрөтүүгө түрткү болот деп билдирди. Ал эми постсоветтик өлкөлөрдөн Тажикстан менен Кыргыз гана (Казакстанды кошпогондо) кириллицада калды. Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан өӊдүү мамлекеттер эбак латын алфавитине өтүшкөн. Эгемендүү Кыргызга дагы эле орус тилин жайылткыла деген чакырык жасалып, атүгүл Орусия тарап жогорудагыдай жеӊилдиктерин "орус тилин колдонгонуӊар үчүн" деп берип жатышат. Экс-президент, учурда Орусияда баш калкалаган Аскар Акаев Кыргыз айдоочуларына улуттук күбөлүктөрүн пайдаланууга уруксат берүүнү сунуштаганы үчүн Мамлекеттик Думага ыраазычылык айтып жиберди. Кыргызда орус тилине "расмий тил" деген макам 1989-жылы берилген. Ага салымы зор экенин Акаев баса белгилөөдө. 2005-жылы, 2010-жылы айрым саясий ишмерлер тарабынан орус тилинен расмий тил статусун алып салуу демилгеленип, бирок ишке ашкан эмес. Ал эми Орусияда айдоочулук күбөлүк боюнча берилген жеӊилдикке карата "Кыргыздын жарандары мындай жеӊилдик алууга татыктуу" дейт Акаев. Эгемендүүлүк алган жылдары завод-фабрикалар таланып-тонолбой, менчиктештирилип кетпей иштеп турганда, балким, Кыргыз эли тентимек эместир. Акаев Орусияга рахматын коюп, Кыргызда экономикалык талкалануу доорун баштап кеткени үчүн Кыргыз элинен кечирим сураса жарашат эле.

Орусиядагы Кыргыз жарандарынын статусу тилге байланбай өнөктөштүктүн, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында каралса болмок. Бирок ЕАЭБге "өгүз өлөт же араба сынат" деген шартта кирген Кыргыз тарап, Альянстын үзүрүн жетиштүү көрбөй жатат. Түрдүү себептерден улам Кыргыз ЕАЭБ убадалаган ири рынокту ийгиликтүү пайдалана албай жатат. Теӊ ата өнөктөштүк куру кыял бойдон калып бараткансыйт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан