О!дон роумингде 1 мегабайт Россияда, Казакстанда жана Түркияда болгону 1 сом

Бүгүн жол жүрүүлөрдө арзан Интернет салт болуп калган чалуулар менен SMS'ке караганда алда канча маанилүү. О! мобилдик оператору 4G интернет-роуминг кыргыздар баарынан көп бара турган өлкөлөрдө арзан болуусу үчүн эң "достуктуу" тариф белгилөө менен кам көрдү. Мисалга, 1 мегабайт Орусияда Tele2 жана Мегафон түйүндөрүндө, Казахстанда Tele2 түйүнүндө, Түркияда ири Turkcell операторунда болгону 1 сомду түзөт.

Эң арзан интернет-роуминг сизге иш сапарда же жеке жол жүрүүлөрдө жүрүүдө өз номериңизди сактоо менен, маанилүү иштерди жүргүзүүнү уланта берүүгө мүмкүндүк берет. Интернет шашылыш иштерди чечүүдө, корпоративдик почтага кирүү менен байланышта болууга, тиркемелер – жаңы шаарларда навигаторлор аркылуу багыт алууга, мессенджерлерде достор же туугандар менен жазышууга, же керектүү сөздү Google Translate'тен которууга керек болот.

О! компаниясынын өкүлдөрү – үйдөн алыс жүргөндө баарлашуу үйдөгү түйүндөгү чалуулар сыяктуу жөнөкөй жана арзан болушу керек деп санашат. Өргүүгө же иш сапарга чыгуунун алдында чемоданын чогултуп жаткандардын баарына чет жерде жүргөндө өзү көнгөн номерди алмаштырбастан, байланышта болуу жөнүндө кам көрүп башташы керек. Кызматты *997# буйрутмасы боюнча акысыз жана абоненттик төлөмсүз кошууга болот. Башка тарифтер жөнүндө кенен маалымат мобилдик оператордун сайтынан www.o.kg "Роуминг" бөлүмүнөн табууга болот.

О! мобилдик операторунан роуминг – сарсанаасыз саякатта!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sessa
2017-07-11 11:35:35
О! Мобилдик операторунун колдогу Чолпон-атада караколдогу супервайзерлери жаш балдарда 10-11кл балдарды жумушка алып, договор тузбой листовкаларды тараттырып,симка саттырып,бекер иштетип акчаларын бербейт экен? кимге кайрылсак болот? Балдардын эмгегин жеген жакшыбы акыйкаттык барбы деги?
0
Okgmobile
2017-07-12 15:47:39
Урматтуу sessa.
Сизге сигнал бергениңиз үчүн рахмат.
Биз бул кырдаалды жеринен текшеребиз. Сиз кайда жана качан буга туш келгениңизди тагыраак көрсөтсөңүз, биз үчүн жардам болор эле. Биздин компаниянын эрежелери боюнча промоутерлер белгилүү бир функционалды аткарышат, ал үчүн аларга сѳзсүз сый акы төлөнөт. Алардын ар бири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Алар берген документтер боюнча алардын эмгекке жарамдуу жашка чыккандыгы текшерилет.
Урматтоо менен,
О!.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан