КСДП эмне үчүн Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтөт?

Быйылкы жылдын эң негизги саясий окуясы - Кыргыз өлкөсүндө өтө турган президенттик шайлоо болуп жатат. Учурда ага карата шайлоо кампаниясы дээрлик башталды десек болот. Анткени Борбордук шайлоо комитетине президенттик шайлоого аттанган 20дан ашык талапкер арыздарын берип коюшту.

Ал эми жакындап калган Социал-демократ партиясынын XVI съезди эми кандай чечим кабыл алар экен деген суроо кызыгууну туудурбай койбойт. Партиянын саясий кеңеши алда качан эле учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду КСДПнын президенттикке талапкери деп тандап, өз чечимин чыгарган. Кандай гана божомол-тыянактар айтылбасын, негизги басым өлкөнүн эң туруктуу саясатчысы жана президенттин узак мөөнөттөн берки соратниги - өкмөт башчысына жасалууда.

А, ЭМНЕ ҮЧҮН ЖЭЭНБЕКОВ?

Сооронбай Жээнбеков КСДП партиясынын туруктуу мүчөлөрүнүн бири, бир канча ирет Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2007-жылдын жазында Алмазбек Атамбаев Өкмөт башчысы кызматына келгенде, С.Жээнбеков Айыл чарба министри болуп дайындалган. Кийин Өкмөт башчысы отставкага кетирилгенде, С.Жээнбеков да министрлик орунда калбастан, ишкерлик менен алектенди.

Бакиевдин бийлиги учурунда, ага каршы оппоненттер куугунтукталып баштады. Ошондо да өлкөдөгү мындай татаал кырдаалга карабастан, Жээнбеков өз партиясынын идеологиялык жоопкерчилигин эч нерсеге алмаштырган жок.

Азыркы премьер, учурдагы көптөгөн саясатчылардан айырмаланып, мамлекеттик кызматтарда өзүнүн системдүү жана туруктуу саясатчы экенин айкын көрсөттү. Кээ бир аткаминерлер бир лагерден экинчисине чуркап, ал тургай белдүү, баштуу саясатчылар өз багытын таппай, эмне кыларын билбей калган учурлар көп болду. Ошондо да С.Жээнбеков өзүнө жана партияга болгон ишенимин эч качан жоготкон жок. Бул фактты мурда аны менен бирге иштеген кесиптештери жана саясий атаандаштары да тастыктай алат.

Премьердин мындай жеке сапаттарын анын ишке болгон жөндөмдүүлүгү, өзүнө жана кол алдында иштегендерге чоң талаптарды койгондугу толуктап турат. Мындай тыянак, Жээнбековдун Өкмөт башчысы кызматында өлкөнү өнүктүрүү боюнча жасаган иштеринин бир жылдын ичинде берген натыйжасынан улам чыгарылып жатат. Премьердин мындан мурда өтөгөн кызматтарынын тизмеси алда канча эле узун жана мамлекеттик иште көп мезгилден бери иштеп келет. С.Жээнбеков бир да жемкорлук боюнча чатакта аты чыккан эмес. Ал эми саясий туруктуулугу жана саясий чыр-талаштарга кийлигишпегени партиячылар тарабынан да өтө жогору бааланат.

С.Жээнбеков эң чоң тажрыйбасын алгач губернатор, андан кийин Ош дубанынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жүргөндө алды көрүнөт. Анткени өлкөнүн эң олуттуу мезгилинде – этникалык чыр-чатак курчуп турганда, ар бир айткан сөз алтынга барабар болуп, ар бир кыймыл-аракеттен дүйнө көз каранды болуп жаткан мезгилде Ош облусун башкарды. Жетекчи Жээнбековдун тажрыйбасы, өз элинен бөлүнбөстүгү, адамдарды түшүнүп, баамдап тургандыгы, оор кырдаалды турукташтырып, улуттар ортосундагы биримдикти бекемдеп, Кыргыздын эң көп калктуу жана көп улуттуу облусун бейпил турмуш менен камсыз кылууга эбегейсиз чоң салымын кошту.

БИШКЕК ЖОЛУНДА...

Жетекчилик жана партиялык иштерде тажрыйбасы көп болгон азыркы премьерди Бишкекке иштөөгө чакыруу – жүйөлүү көрүнүш болсо керек. С.Жээнбеков өкмөт башчысы кызматында иштегенине бир жылдан ашып калды. Үстүбүздөгү жыл болсо, Кыргыз өлкөсү үчүн абдан катаал жылдардан болду. Өкмөт өлкөнүн мындай кыйын шарттарына жана тышкы тобокелдерге карабастан, маселелерди туура чечип, абалды көзөмөл алдына алып, туура экономикалык өнүгүү жолун камсыз кыла алды.

Бул жылы премьерди болуп көрбөгөндөй чоң сыноо күтүп турду. Кыш көпкө созулуп, техногендик кырсыктардын саны да бардык божомолдордун үстүнөн ашып түштү.

Булардын баары ыкчам жана ийкемдүү чечимдерди талап кылды. Ызгаар кышка карабастан калк жылуулук, электр энергиясы менен тынымсыз камсыз кылынып, көмүр жетишсиздиги болгон жок, авариялык жана башка кризистик абалдар эч кимге кесепетин тийгизбестен, ыкчам чечилип жатты.

Энергетикалык систем тынымсыз иштеп, энергия жоготууларды 13,9%га чейин, ал эми дебитордук карызды 1,7%га чейин кыскартууга мүмкүнчүлүк болду. Булардын баары электр тармагына оң таасирин тийгизип, 2016-жылы саатына 13.04 миллиард кВт. электр жарыгы өндүрүлдү. Бул, демек, 2015-жылга салыштырмалуу саатына 85 миллион кВтка көп.

С.Жээнбековду Ош окуяларынан кийин дагы башка оор кыйынчылыктар күтүп жатты. Жыл башында Кыргыз тарыхында болуп көрбөгөн эң коркунучтуу аба кырсыгы болду. Түрк жүк ташуучу Боинг учагы Дача-СУ айылына, уктап жаткан элдин үстүнө кулап түштү. Ал эми табигый кырсыктардын саны 4 айдын ичинде рекорддук көрсөткүчкө чыгып, 7 жылда катталган кырсыктардын санына барабар болуп, көп адамдардын жанын алып кетти.

2017-жылдын январь айынан тартып өзгөчө кырдаал маселеси С.Жээнбековдун өзгөчө көзөмөлү алдында болуп, көптөгөн маанилүү чечимдер ыкчамдык менен кабыл алынып жатты жана көп кишини оор жабырлануудан сактап калды. Ал эми милдетин так аткарбаган чиновниктер катуу сынга алынып, дисциплинардык жазага тартылды.

29-апрелде Өзгөн районунун Аюу айылында чоң көчкү түшүп, көчкү алдында калгандарды издөө жүрүп жаткан учурда премьер жеке өзү кырсык болгон жерге барды. Премьер коркунуч туудурган дээрлик бардык аймактарды кыдырып, өзгөчө кырдаал жаралган жерлерге барып, министрликтердин жүргүзгөн иштерин текшерип чыгып, кырсыктан жапа чеккендер жана жергиликтүү калк менен жолукту.

ТАЖРЫЙБА МЕНЕН НАТЫЙЖА АЙКАЛЫШКАНДА

С.Жээнбеков Өкмөт башчысы кызматында бир да чыр-чатак, талаш-тартыш же иликтөө борборунда орун алган жок. Өз милдетин укук чегинде ишке ашырып келген өкмөт башчы, башкалардан айырмаланып, парламент менен талашпай, тескерисинче, алар менен биримдикте иштеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн биргелешип чечүүгө умтулган жалгыз премьер болду.

Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин отчётун берүү учурларында оппонент–депутаттардын бардык суроолоруна так сандар жана объективдүү жетишкен жыйынтыктар менен жооп берип жатты.

2016-жылда Кыргызстанда ИДПнын реалдуу өсүшү 2,7%ды түзөт деп божомолдонгон. Бирок чыныгы көрсөткүч 3,8%ды түздү. Ал эми 2017-жылдын биринчи чейрегинде ички дүң продукциянын өсүү темпи, "Кумтөр" кен иштетүүчү ишканаларын эске албаганда, 3,9%ды түздү. 2016-жылдын ошол эле кварталында көрсөткүч 0,5% деп белгиленген.

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча, экспорттун көлөмү 1544,6 миллион долларды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдан 5,1% га көп. Бул көрсөткүч ошондой эле премьер-министр С.Жээнбековдун мамлекеттин экспорттук дареметин көтөрүү үчүн жасаган ишинин жыйынтыгы болуп эсептелет.

Экспортту көтөрүү үчүн Кыргыз өлкөсү Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуп жана Жалпы преференция системи статусун алуусу керек болчу.

Евразиялык интеграция процессине катышуу үчүн өлкөдө заманбап лабораторияларды куруу зарылчылыгы да келип чыккан. Учурда Кыргыз Республикасында курулуп жаткан жаңы лабораториялар товарларга евростандартка төп келген сертификат бергендей шартта болушу керек. Учурда бул процесс башталды. Эми, 2017-жылы экспорттун көлөмү былтыркы жылга караганда алда канча жогору болот деп күтүлүүдө.

С.Жээнбеков жетекчилигиндеги кыргыз өкмөтү экономикалык өнүгүү динамикасын сактап калды. Буга 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ИДПнын 6,4%га өскөнү далил боло алат. Мындай көрсөткүчтөрдү ЕАЭБдин башка мүчөлөрү көрсөтө алган жок.

ЕАЭБ өнөктөштөрү Кыргыздын экономикалык жааттагы жетишкендиктерин белгилешет. Ал эми Евразиялык экономикалык комиссиянын берген маалыматында ЕАЭБдин мүчөлөрүнүн ичинде ИДПнын өсүшү боюнча Кыргыз өлкөсү лидердик орунда турат. 2016-жылда орточо жылдык инфляциянын деңгээли 0,4%ды түзгөн. Бул көрсөткүч Биримдикке кирген мамлекеттердин ичинде катталган эң төмөн көрсөткүч.

Өкмөт бул жылы алдына жаңы максаттарды койду. Алардын бир бөлүгү Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын алкагында чечилсе, экинчи бөлүгү 2040-жылга карата иштелип жаткан жаңы программа үчүн план болмокчу. Концепциянын негиздери даяр, алар өкмөттүн программасында. Бирок аларды ишке ашыруу эми жаңы шайлана турган президенттин жетекчилиги астында жүргүзүлмөкчү. Бул президенттик мандатты дал ушул КСДП талапкеринин алып калуусу толук ыктымал.

ЖЭЭНБЕКОВ ЖӨНҮНДӨ ПРЕЗИДЕНТ ЭМНЕЛЕРДИ АЙТТЫ?

Сооронбай Жээнбековду талапкерликке көрсөтүү көпчүлүк үчүн, ал тургай партиялаштары үчүн да күтүүсүз жерден болду. Мындай кадамга барууга эмне түрткү болду? Мунун артында эмне турат? деген суроолор пайда болбой койгон жок. Мындай ойлорду С.Жээнбеков туурасында дээрлик эч нерсе билбегендер айтып жатты.

Мындай күмөн саноолорду өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев дароо жокко чыгарды. А.Атамбаев - Социал-демократ партиясынын негиздөөчүсү, ошол себептүү да партиялаштарынын талапкер боюнча чечимине өз таасирин тийгизе алат.

Мамлекет башчысы премьерди 1995-жылдан бери билерин айтып: "Ал кезде парламентте чогуу депутат болгонбуз. Ошол эле жылы биз "Реформа" деген фракцияны түздүк. Фракцияга 70 депутаттын 29у кирген. Бул фракция ошол учурдагы президентке жаккан эмес. Сооронбай Шарипович менин орун басарым болгон. Аны жыйырма жылдан ашык мезгилден бери тааныйм. Ал абдан чынчыл жана акыйкатчыл адам. Убагында мени менен иштөө ага абдан оор болгонун да айткым келет. Анткени анын туугандары Акаевдин, андан кийин Бакиевдин президенттик учурларында ар кандай кызматтарда иштеген", - дейт.

"С.Жээнбеков - идеялардын адамы, акыйкатчыл жана түз мүнөздүү адам. С.Жээнбеков – биздин өлкө үчүн жакшы тандоо. КСДП съездинде аны партиялаштары да толук колдойт деп ишенем", - деген президент, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президенттикке татыктуу талапкер экенин жана өлкөдөгү азыркы өнүгүү багытын мындан ары да улантып кетерине болгон ишенимин билдирди.

Өлкө башчысынын жогоруда айткан сөздөрүнөн улам мамлекет башчысынын ордуна - татыктуу, мамлекеттик өнүгүү багыттарын мындан ары улантып кете турган, өз кызыкчылыгы үчүн Конституцияны өзгөртө бербей, мыйзамдарды көз жаздымында калтырбай турган, бардык татаал жолду башынан бери бирге өткөрүп келген партиялаш-санаалаш болушу керектиги айдан ачык көрүнүп турат.

Мындай сапаттарды учурдагы премьер-министрде көрүп жатабыз. Көпчүлүк эксперттер "С.Жээнбеков тышкы саясий өнөктөштөрдүн да купулуна толот. Алар Кыргыз өлкөсү үчүн алдыда жасала турган көп иш бар. Бул иштер профессионалдуулук, башкаруучулук жана уюштуруучулук базаны талап кылат. Мындай тажрыйба С.Жээнбековдо бар. Ошондуктан бул талапкер бардык жактан талапка жооп берет", - деген ойлорун айтууда. Эксперттер ошондой эле С.Жээнбеков өзүнүн күчтүү мүнөзү, туруктуулукту сактап калууга болгон аракети, ачык-айкындыгы менен саясий күчтөрдү тегерегине топтой аларын, аны менен Кыргызды ар кыл ички саясий окуялардан коргоого кудурети жетерин айтышат. Эң негизгиси, С.Жээнбеков, өлкөдө кайрадан авторитардык режимдин орношуна жол бербейт. Премьер-министр да, президент сыяктуу залим режимди түзүүгө аракет кылгандардын жолун тосуп, өлкө жарандарынын эркин мамлекетте бейпил жашоосун камсыз кыла турган парламентаризмдин тараптары болуп саналат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Muslim_KGstana.
2017-07-14 17:14:37
Соке кыйратат оа
-1
Dimonbek
2017-07-14 17:27:59
Агитация башталган го. Бирок Сокеден президент чыкпайт. Атамбаев өзүнүн принциби жок , өзүнө баш ийген бирөөнү койгусу келгени көрүнүп турат.
+4
Revolyutsiya2
2017-07-14 17:45:18
Бул макала кайра Сокеге антиреклама болот!!! Соке, сенин Атамбаевге берилгенинди айтып жатышат. Бирок Акаев убагында Акаевге, Бакиев убагында Бакиевге, азыр эми Атамбаевге "ак кызмат" кылган, кайсы бийлик менен болсо да Бабановго окшоп тил табышып, суудан кургак чыгып, кайда болсо да оз адамы болгонунду баары билет. Аган Канторо башкарган университет жамааты, студенттер бийликте ким болсо, ошолор учун айласыз добуш берип келгени да жашыруун сыр эмес....
+1
Revolyutsiya2
2017-07-14 17:54:06
Соке, жакында бир макала жарыяланды, анда Сизди Ош коогаланы учурунда жанынды тиштеп, элдин сап башында журуп, коп эрдик жасаган баатыр деп сыпаттады. Бирок эмнегедир ошол коогаланды оз башынан откоргон Оштун эли, эч кимиси Сизди тополондо корбогонун айтат... Ташиевди, С.Жапаровду, Келдибековду, Мырзакматовду кордук, Жээнбековдорду корбодук дейт... Бул макалада да Сизди ошол окуядагы баа жеткис эмгектериниз учун мактап отуптур, ошол эл билбеген эмгектериниз кайсылар?!!
+2
Mikra
2017-07-14 17:54:12
Текебаев ачмакта бул Ашанын абийрин.Текебав Чыкпай калабы деп ойлойм. Шайлого чейин.
+2
Edward.14
2017-07-14 17:56:11
Адахан Мадумаровдон башкасы жеп жутат Кыргызстанды эн тазасы эле Мадумаров!
+1
toktor89
2017-07-14 18:16:46
Edward.14, мадумаров таза кыргызбы?
0
Revolyutsiya2
2017-07-14 17:56:15
Ош шаарын Мырзакматов гулдотун коркуно чыгарды! Ош коогаланы, андан кийинки шаарды калыбына келтируу процессине Мырзакматов активдуу катышты. Жээнбеков губернатор боло туруп Мырзакматов жасаган иштин 1/10 да жасабады, анан кайсы кыйраткан эмгегин мактап жатасынар?!!
+1
toktor89
2017-07-14 18:18:11
Revolyutsiya2, туура жеенбеков акча менен гана баарын сатып алмайлардын бири
0
Beckhemqwerty
2017-07-14 18:13:52
Самый лучший человек Жээнбеков
0
Revolyutsiya2
2017-07-14 18:16:41
Атамбаевди да убагында ото катуу реклама кылышты эле, кландык режим менен курошот, экономиканы гулдотот, ал андай мыкты инсан, тигиндей акылдуу, илим-билимдуу, интеллигент, дегеле мындай адам бактынарга 1000 жылда бир жаралат деп...

Азыр Атамбаевди 6-7 жыл мурун жакшы тааныбай добуш бергендер, эми жакындан таанып бармактарын тиштеп журот...

Эми кезек Жээнбековго келиптир, адатынарча алданып бармагынарды тиштей элегинерде элге кулак салгыла, бийликтин калпычы угутчулорун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан