Ырчы Анжелика Бекболиеванын ден соолугу начарлап ооруканага жаткырылды деген билдирүүнү продюсер Миргүл Эсеналиева Instagram'дагы баракчасына жайгаштырды.
Эсеналиева Анжелика өзү тууралуу тарап жаткан сөздөрдүн таасиринен улам эсин жоготкондугун, "Тез жардам" чакырылып кафеден үйүнө жеткирилгендиги тууралуу жазган.
"Эртеси, 14-июль күнү саат 21:30да абалы, ден соолугу кайрадан начарлап ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер нервдин чарчагандыгын жана сыгылгандан улам зоб организмге терс таасирин тийгизгендигин айтышууда. Анжеликага капельница берилип, жасалма дем алдыруучу аппаратта 2 сааттай жатты. Кудайга шүгүр, абалы туруктуу. Бирок башка абал болуп кетсе 3 кызына, жолдошу Урмат байкеге, ата-эне, туугандарына ким жооп бермек? Ушундан улам анын ден соолугун сактап калуу максатында жалпы коомчулуктан жана күйөрмандарынан ага карата айтылып жаткан ар кандай негатив сөздөргө кайра-кайра кайрылбоону суранам", - деп жазат Эсеналиева.
Айта кетсек, ырчы Айчүрөк Иманалиева менен Анжелика Бекболиеванын ортосундагы ыр талашуудан келип чыккан чыр күч алып, бири-биринин жеке жашоосу тууралуу маалыматтарды таратууга жеткен. Апта ичинде социалдык тармактарда Анжеликанын ишкер, маркум Муктар Өмүракунов менен түшкөн сүрөтү колдонуучулардын талкуусуна жем таштаган. Сүрөттүн баянын эки ырчы тең айтып беришкен.