Алмазбек Атамбаевге "Liglass Trading CZ" чех компаниясы тууралуу маалымат берилди
Президент Алмазбек Атамбаев 19-июлда Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды.
Президентке чехиялык "Liglass Trading CZ, SRO" компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу тууралуу, макулдашуусу тууралуу маалымат берилди. Зилалиев азыркы учурда "Liglass Trading CZ, SRO" компаниясынын инженерлери Кыргыз адистери менен биргеликте Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун долбоору менен жеринде таанышып жатканын билдирди.
Алмазбек Атамбаев комитеттин төрагасы Зилалиевден аталган долбоорду ишке ашырууга абдан дыкаттык менен даярдык көрүүнү талап кылды.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 10-июлунда Жогорку Нарын каскадына 2 ГЭС: Ак-Булуң жана Нарын-1 ГЭСтерин, башка дагы 10 чакан ГЭС куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган эле. Иш-чарага Кыргыз президенти жана жооптуу комитеттин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев катышкан. Көп өтпөй чехиялык ММКлар "Liglass Trading CZ" компаниясы көпчүлүккө таанымал эмес, банкрот абалына кептелген шектүү компания экенин жазып чыгышты. Ошондой эле Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги аталган компания менен иштешпөөнү эскертип, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына 2017-жылдын март айында кат жолдогону тууралуу маалымат тарап, каттын көчүрмөсү жарыяланды.
Ал эми Тышкы иштер министрлиги Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына жогорудагыдай кат чын эле жазылганын тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Мекеме комментарий берүүдөн баш тартууда.