Өкмөттүн ишинин жемиши: ИДП менен салыктык кирешелер өсүүдө

Акыркы учурларда Кыргызстандын экономикасында ɵсүш болуп жатканы тууралуу массалык маалымат каражаттарында байма-бай айтылып, ага скептикалык маанайда карагандар жок эмес. Чын эле Кыргызстандын экономикасы ɵнүгүп жатабы? Экономикалык абалга реалдуу түрдɵ баа берип, сандык кɵрсɵткүчтɵргɵ саресеп салып кɵрɵлү.

Экономиканын ɵнүгүүсүнүн негизги кɵрсɵткүчү Ички дүӊ продукциянын (ИДП) кɵлɵмүнүн ɵсүүсү экенин эске алсак, анда бул жааттагы абал кубандырбай койбойт. Ɵткɵн жылы экономикалык ɵсүш 3,2 пайызды түзүп, бул ЕАЭБге мүчɵ ɵлкɵлɵрдүн ичинде эң жогорку кɵрсɵткүч болгонун белгилей кетели. Муну кыргыз ɵкмɵтү эле эмес, аталган биримдиктин экономикалык серепчилери да билдиришкен. Ушул жерден кошумчалай кетчү нерсе, дүйнɵдɵ орун алган каржылык каатчылыкты да Кыргызстан, Кыргыз эли жеңил ɵткɵрдү. Айрымдар "ЕАЭБге мүчɵ болгондон кийин абалыбыз оорлоп, кɵргүлүктү кɵрɵбүз" деп айтышты эле, бактыга жараша, андай болгон жок. Тескерисинче, ЕАЭБ акырындап ɵзүнүн жемиштерин берип, элдин басымдуу кɵпчүлүгү аталган экономикалык биримдикке киргенибиздин туура болгонун моюндай башташты.

ИДПнын кɵлɵмүнүн ɵсүүсү бул жылы да сакталып жатканы кубандырат. 2017-жылдын 6 айында ИДП 6,4 пайызга ɵсүптүр. Ɵсүш эмненин эсебинен болуп жатат деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Эң биринчи кезекте экспорттун кɵлɵмү ɵстү. Европага эле болгон экспорт 44 пайызга жогорулаган. Бул Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүү рыногунун ареалы кеңейип жаткандыгынан кабар берет. Ошондой эле чет жерлерде иштеп жүрүшкɵн мекендештерибиздин которгон акчаларынын кɵлɵмү да кɵбɵйүүдɵ. ИДПнын ɵсүүсүнɵ бул акчалар да кыйыр же түз таасирин тийгизүүдɵ.

Ɵлкɵ бюджетинин чыгаша беренелерин аткаруу үчүн бюджеттин киреше бɵлүгүнүн аткарылышы абзел. Ал үчүн салыктык жыйнамдар толук кɵлɵмдɵ жыйналып турууга тийиш. Мындан эки жыл мурда салыктар толук жыйналбай, ал бюджеттин аткарылуусун артка тартып келген болсо, 2016-жылдан бери бюджеттин салыктык кирешелери да ɵсүүдɵ. Сɵзүбүз куру болбошу үчүн сандарга кайрылсак.

2016-жылы 93 миллиард 810 миллион сом салык жыйналган. Бул 2015-жылга салыштырганда 10,8 пайызга кɵптүк кылат. 2017-жылдын 6 айында 47 миллиард 41 миллион сом салык чогултулуп, бул кɵрсɵткүч 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 9,3 пайызга кɵп. Эгерде мындай динамика сакталса, ушул жылдын аягына чейин салыктык киреше дагы 10 пайызга кɵбɵйүп, жыйналган салыктын кɵлɵмү 100 миллиард сомдон ашуусу күтүлүүдɵ. Бул келтирилгендер жел сандар эмес. Ага бүгүнкү социалдык жана инфраструктуралык объекттердин курулуп, оӊдолуп, жүздɵгɵн чакырым жолдордун салынып жатканы далил. Бюджеттин кɵлɵмү кɵбɵйбɵсɵ, жогорудагыдай курулуштар болмок эмес. Мындан сырткары, алдыда мамлекеттик мекемелерде иштегендердин маяналары, пенсиянын кɵлɵмү жогорулап, ар бир тɵрɵлгɵн ымыркайга 4 миң сомдон сүйүнчү акча бериле баштаганы турат.

Мунун баары бир гана нерсени, ɵлкɵ экономикасы турукталып, бюджеттин кирешеси кɵбɵйүп жатканын гана билдирет. Демек, бюджеттин мындай ɵсүү темпин, динамикасын сактоо ɵтɵ маанилүү. Мындан ары тɵмɵн түшпɵй, жалаң ɵсүштү гана камсыз кылуу абзел. Ал, албетте, жаңы президент болуп ким шайланарына, кийинки ɵкмɵт башына кимдин келерине байланыштуу болору бышык.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан