Сооронбай Жээнбековдун ɵкмɵтү бизнести жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртууда

Кыргыз өлкөсүндө бизнестин шарттарын жеңилдетүү багытында Сооронбай Жээнбеков баштаган Кыргыз ɵкмɵтү бир катар натыйжаларга жетишип отурат.

"Жɵнгɵ салуунун системдик анализи" долбоорунун алкагында ɵлкɵдɵ бизнести жүргүзүүгɵ тоскоолдук жаратып, экономикалык ɵнүгүүнү артка тарткан барьерлерди аныктоого багытталган регулятивдик реформа ишке киргизилди. Бул максатта 34 мамлекеттик органдын катышуусунда ишкерликти жɵнгɵ салган 3344 документке, анын ичинде 1068 нормативдик укуктук актыларга анализ жүргүзүлдү. 747 нормативдик укуктук актылар жана 479 административдик процедуралар боюнча сунуштар берилди. Эксперттердин белгилɵɵсүндɵ, берилген сунуштардын экономикалык эффектиси 1,3 миллиард сомдон ашыкты түзүп, ишкерлерге 4,7 миллион саат жумушчу убактысын үнɵмдɵɵгɵ мүмкүндүк берет.

Инвестициялык климатты жакшыртуу жаатында да иштер жүргүзүлүүдɵ. Бул багытта бизнеске болгон административдик жана регулятивдик басымдарды тɵмɵндɵтүү, салык жаатын оптимизациялоо үчүн маанилүү стратегиялык чаралар кабыл алынды. Атап айтканда, текшерүүчү мамлекеттик органдардын саны 13тɵн 10го кыскартылды. Буга багытта иштер дагы да улантылууда.

Текшерүүлɵрдү жүргүзүү эки эсеге, тагыраагы, 30 күндɵн 15 күнгɵ, чакан бизнестин субъектилери үчүн 5 күнгɵ чейин кыскартылды. Ошондой эле мындан ары бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлери ишкерлерди текшере алышпайт. Андай укукка Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрɵшүү боюнча мамлекеттик кызмат гана ээ болот. Ишкерлерге карата жеңилдиктер маселеси да кɵз жаздымда калган жок. Тамак-аш жана айыл чарба продукцияларын ɵндүргɵн кайра иштетүү тармагындагы ишкерликке берилген бүгүнкү жеңилдиктер 2018-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндɵ калтырылды.

Ал жеңилдиктерге токтоло турган болсок, ɵлкɵ ичиндеги ɵндүрүүчүлɵрдү коргоо максатында салыктык мыйзамдарга атайын норма киргизилген. Ага ылайык, ЕАЭБдин курамындагы ɵлкɵлɵрдɵн Кыргыз өлкөсүнө импорттолчу товарлардын баарына минималдык деңгээлдеги баалардын коюлуусу каралган. Ал текшерүүгɵ алынып, аны бузгандарды административдик жоопкерчиликке тартуу жагы да аныкталган.

Мындан сырткары "Кепилдик фонду" ААКсы түзүлүп, ишкерлерди колдоо багытында иш алып барууда. 2017-жылдын 10-июлуна карата 95,7 миллион сомго 86 кепилдик берилип, буга байланыштуу чакан жана орто бизнестин ɵкүлдɵрү 340 миллион сомдон ашык кредит алышты. Ошондой эле эсебинде 4 миллион доллар ɵлчɵмүндɵ каржысы бар мамлекеттик-жеке ɵнɵктɵштүк долбоорлорун каржылоо фонду түзүлдү.

Эл аралык рейтингде Кыргыз өлкөсүнүн кɵрсɵткүчтɵрүнүн жакшыруу тенденциясы байкалууда. 20дан ашык эл аралык рейтингде Кыргыз мамлекети оң позицияны ээлеп, эң жакшы кɵрсɵткүчтɵргɵ жетишкен алдынкы 50 ɵлкɵнүн катарына кирип отурат. Ɵлкɵбүздүн сɵз эркиндиги, экономиканын ɵсүүсү, демократиянын индекси, ɵнүгүүнүн туруктуулугу жагынан позициялары жакшы болууда. "Бизнести жүргүзүү" жаатындагы эл аралык рейтингде айрым компоненттер боюнча да позиция жакшырууда: (кредит алуу кɵрсɵткүчү боюнча жакшырды (29-орун), мүлктү каттоо (189 ɵлкɵнүн ичинде 6-орун, КМШ жана аймактагы ɵлкɵлɵр ичинде 1-орун).

Ал эми коррупцияны тɵмɵндɵтүү деңгээли боюнча Кыргыз өлкөсү ɵз позициясын динамикалуу түрдɵ жакшыртып, 10 ɵлкɵнүн катарында кирди. Акыркы 4 жылда коррупцияга бɵгɵт коюу индексинде ɵлкɵбүз кɵрсɵткүчтɵрүн 41 пунктка жакшырта алды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Patriot7
2017-07-20 13:15:50
Кайсы арынарга мактанып отурасынар!!! Тышка кыйратып овар экспорттоочу толтура завод-фабрика куруп койгондой суйлойсунор да... Чет олкого алтын, биртке айыл чарба продуктуларынан башка экспорттой турган эмненер бар?!!

Жээнбековдун Окмоту эмне кылып кыйратып коюптур, мактоого арзырлык, эч болбосо бир завод куруп кою колунан келиптирби?!!

Арзыматтыктын да чеги болот, бул калп учун да акыретте сурак болот...
0
Beckhemqwerty
2017-07-20 13:31:39
Patriot7,Азыраак суйлочу ее Бир нерсе ни кыйратып жибергенсибей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан