Социологиялык сурамжылоодо кѳпчүлүк Сооронбай Жээнбековду тандаган!

Аз күн мурда “AKИ-press” маалымат агенттиги президенттик шайлоого карата жүргүзгɵн сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады. Анда 914 добуш топтогон Сооронбай Жээнбеков алдыга озуп чыкса, парламенттеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 862 добушка ээ болду, экс-өкмөт башчы Темир Сариевге добуш берүүгɵ катышкандардын 747си ɵз добуштарын беришкен. Албетте, бул сурамжылоонун жыйынтыгы талапкерлердин реалдуу дареметин билдирбейт. Бирок дээрлик бардык учурда шайлоо алдындагы буга окшогон сурамжылоолор шайлоо жыйынтыгы менен окшош болуп чыгат. Бул дүйнɵнүн бардык ɵлкɵлɵрүндɵ ушундай. “АКИ-пресстеги” добуш берүүнүн жыйынтыгы канчалык реалдуулукка жакын болгонун 15-октябрдагы шайлоодо билебиз.

Аталган сурамжылоо боюнча да коомчулук, эл арасында ар кандай пикирлер айтылууда. Ошол себептен сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча ар кыл тармактын ѳкүлдѳрүнүн пикирлерин уктук.

Кусейин Исаев, коомдук ишмер:
- Азыр эл кооз сөзү менен аткарган иши дал келбеген саясатчыларды ажыратып, алардын чыныгы дареметин билип калды. Элди эч ким алдай албайт. Мен өзүм ал сурамжылоого катышпаганым менен, эл аралап жүргөн адам катары анын жыйынтыгына ынанам. Чынында Сооронбай Шариповичтин аткарган иштерин элибиз жон териси менен сезе баштады. Аны сүрөп, президенттик шайлоодо добуш берем дегендер көп.

Эдил Осмонбетов, саясат таануучу:
- Биринчиден, ал социологиялык сурамжылоодо кандай метод колдонулганын аныктап көрүш керек. Ошентсе да азыркы учурда Сооронбай Жээнбеков катуу иштеп жатат. Эл аралап, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү жеринде чечип, эл оозуна алынууда. Негизи эле Жээнбеков буга чейин публикага көп чыкчу эмес. Азыр болсо анын аракети менен өсүш болуп жатканын көрүп жатабыз. Андыктан бул сурамжылоону реалдуу эле деп эсептей берсек болот. Эми кимдин президент болорун шайлоодо эл чечет.

Султан Раев, Кыргыз Эл Жазуучусу:
- Социологиялык изилдөөлөр – дүйнөлүк практикада кеңири колдонулуп келген ыкма. Анын өзүнүн принциптери, эрежелери бар дегендей. “AKИ-press” сайтынын жыйынтыгы ошондой болгон болсо, анын окурмандарынын пикирин урматташыбыз керек. Менин оюмча, бул жыйынтык чоң шайлоонун алдындагы элдин пикирин угуу үчүн уюштурулган расмий эмес жыйынтык. Бул дагы коомчулуктун пикири. Аны урматташыбыз гана керек.

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” партиясынын тең төрагасы:
- Сооронбай Жээнбеков башка премьер-министрлерге салыштырмалуу мыкты иштеди. 2010-жылдан берки өкмөт башчыларга салыштыра турган болсок, Сооронбай Шарипович төшүн какпай бир гана иш менен алек болду. Аймактарды кыдырып жеринде маселелерди чечип жатты. Жолдорду оңдоп жатат, айыл чарбасына өзгөчө көңүл бурулууда. ЕАЭБдин алкагында чечкиндүү кадамдар жасалды. Технополисти ачты, тиешелүү долбоорлорго тыйындары бөлүнүп баштады. Токмокто ири завод ишке кирди. Буга чейин бир да өкмөт башчы парламентте ийгиликтүү отчёт бере алган эмес. Сооронбай Жээнбеков болсо ИДПны өстүрүп, экономиканы көтөрүү менен депутаттардын алдында ийгиликтүү отчёт берди. Стабилдүүлүк сакталды, өзүн ашыкча пиар кылбай, иштин жыйынтыгын көрсөттү. Жогоруда силер айткан сурамжылоо мына ушул иштердин жыйынтыгы деп эсептейм.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан