Тазалык – ден соолуктун негизи, дал ушул себептүү гигиена эрежелерин сактоо зарыл. Ал үчүн эң биринчи кезекте самын жардам берет эмеспи. “Dordoi Chemicals” ишканасы учурда ата мекендик самын жана тазалоочу каражаттарын чыгарып, Кыргыз жергесин гана эмес, жакынкы чет өлкөлөрдү камсыздап, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө салымын кошуу аракетинде.
Ишкананын жетекчиси Руслан Шаршенбай уулу бул ишкерчиликти самын ар бир адамдын жашоо-тиричилигинде колдонулчу эң керектүү каражат болгондуктан баштаганын айтат:
“Алгач бул идеяны бизге түркиялык өнөктөштөрүбүз сунушташкан. Мындан улам рынокту изилдеп чыктык, самынга биздин базарларда талап жогору. Өлкө боюнча бир гана завод самын чыгарат экен. Ошондой эле тамак-аштай бузулуп кетпей, 3 жылга чейин тура берет. Учурда кир самындын 3 түрүн, атыр самындын 6-7 түрүн жасап жатабыз. Кыргыз рыногу аздык кылгандан, экспорт үчүн да чыгарып жатканыбызга байланыштуу аталышын скандинавиялык кыздын ысымынан “Flavia” деп атадык”.
Ишкананын күнүнө 10 тонна самын чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар, азырынча суроо аз болгондуктан, күнүнө 2 тоннадай чыгарылууда. Руслан Шаршенбай уулу өндүрүштүн көлөмү келечекте талаптарга ылайык көбөйөрүн айтат. Самындар өлкөнүн 7 облусуна жеткирилип, коңшу Казакстанга да алгачкы ирет экспорттолду. “Flavia” самындары мал жана өсүмдүк майларынан жасалат.
“Кир самын малдын, ал эми атыр самын Индонезия, Малайзиянын пальма дарактарынын майларынан жасалат. Малдын майын бул жактан эле чогултуп алабыз. Өсүмдүк майын ай сайын 300-400 тонналап сатып алып жатабыз. Ошондой эле ага кадимки туз, боёк, жыттуу заттар кошулат. Кошулмалар анын сапатын жогорулатат. Ал эми самындар түркиялык жана италиялык технологиялар менен чыгарылууда. Алар -14 градуста жасалганы менен, учурдагы аптаптуу ысыкта өз формасын же сапатын жоготуп койбойт. Бул технологияларын өзүм жеринен барып окуп, таанышып келгем. Станоктордун жарымы Италиядан, жарымы Түркиядан алынып келинген. Баштаганыбызга 1,5 ай болду. Келечекте бет жуучу каражаттарын, шампундарын, ошондой эле унаа, айнек, идиш-аяк жуучу каражаттарын да чыгарууну пландап жатабыз”, - деп кошумчалады ишкер. Атаандаштык чоң болуп турган кезде биринчи кезекте сапатты жогорулатуу зарыл экенин айтып, алгачкы продукцияны биринчиден жакындары колдонгонун, алардан жакшы пикирлер айтылганынан кийин рынокко чыгарылганын билдирди ал.
Жаштардын көбү чет өлкөгө агылып жаткан кезде, өз мекенинде ишкердик менен алектенип бутуна тургандарды көрүп кубанбай койбойбуз. Руслан Шаршенбай уулу жеке ишти баштоо үчүн максатты коюп, анын аткарылышына бүт аракетти жумшоо керектигин айтат:
“Мен Кипрда окуп жүрдүм, 2008-жылы мекениме кайттым. Ал жакта калып калуу оюм деле жок болчу. Жеке ишти баштоо үчүн максатты койгон соң жарым жолдон таштап койбой, болгон аракетти жумшап, эмгектенүү керек. Оор болот, жеңил болот, бирок эмгек өзүн убагы келгенде актайт. Бирөөнүн кол алдына барып иштөөдөн мурун, ишкердик менен алектенүү зарыл. Колдон келбесе гана бирөөнүн кол алдында иштөөгө туура келет”.