“Bishkek Travel” туристтик-транспорттук компаниясы сиздерге жагымдуу менен пайдалууну айкалыштырууну сунуштайт. Тагыраак айтканда, учурда өлкөбүздүн жарандарынын арасында белгилүү болуп жаткан казак-кытай чек арасындагы “ХОРГОС” эл аралык чек ара кызматташтык борборуна саякаттап, аны менен бирге кытайлык өндүрүүчүлөрдүн товарларын өз баасында жана бажы салыксыз сатып алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүдө. Ал үчүн визанын да кереги жок, сизден болгону мөөнөтү бүтө элек жалпы жарандык паспорт талап кылынат.
“Bishkek Travel” туристтик-транспорттук компаниясы “ХОРГОС” борборуна жуманын ар күнү бир күндүк, ар шейшемби жана жума күндөрү эки күндүк шоп-турларды уюштурат. Эгер сиз “шоппингдин” сүйүүчүсү болсоңуз, чоңураак сумка жана теңге валютасынан көбүрөөк алыңыз, себеби ал аймакта соода борборлор басымдуулук кылат жана бардык товарлар теңге менен бааланат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынан “ХОРГОСко” чейин 12 сааттык жол. “12 саат бою отуруп бара албайм” десеңиз, жатып да барсаңыз болот. Ооба, автобустун ичинде керебеттер да бар. Ошондой эле жүргүнчүлөргө ысык чай жана кофе сунушталат. Автобус Бишкектин убактысы менен саат 18:00дө чыкса, кыргыз-казак чек арасына 1 саатка жетпеген убакытта кирип барат. Бул чек арадагы кызматкерлерге миграциялык баракчаңыз менен ID-картаңызды көрсөткөнүңүз жетиштүү. Түнү менен Казакстандын аймагынан өтүп, кийинки күнү саат 7:00 чамасында казак-кытай чек арасына жетесиз. Айта кетчү жагдай, аталган борборго кирүүнү каалагандар өтө көп болгондуктан, кезек көбүрөөк созулуп калышы мүмкүн. Гидден калбай, кезекке эрте туруп, эч кимди алдыңызга чыгарбоону сунуштайбыз. Бул аймактын убакыты Кыргыздыкынан 2 саат алдыда. Андыктан соода борборлор ачыла элек деп кабатыр болбоңуз. Чек арадагы текшерүүдөн өткөн соң сиз “ХОРГОС” эл аралык чек ара кызматташтык борборуна киресиз. Такси кызматы ал маалда иштебегендиктен, борборго автобуска түшүп жетесиз. Кытайдагыдай элдин санын элестетпеңиз, бош көчөлөрдү көрүп таң калбаңыз. Себеби ал жакта жашагандардын саны аз, алардын көбү сатуучулар.
Эгер сиз 2 күндүк тур менен барсаңыз, дароо мейманканага жайгаштырыласыз. Андан соң соода борборлорун кыдырууга аттана бериңиз. Шашпаңыз, сиздин 2-күнүңүз да бар. Баалардын төмөндүгүнөн теңгелерди көтөрүп алып, “кантип коротом?” деген суроо беришиңиз мүмкүн, экинчи күндү унутпаңыз. Соода борборлорун өзүңүз менен чогуу барган мекендештер менен кыдырсаңыз ыңгайлуу, чогуу тамактанууга да шерик болот.
Ал эми эгер сиз бир күндүк турга барсаңыз, дароо соода борборлорун кыдырууга шашылыңыз. Эң негизгиси коркпоңуз. Ал аймакта эч ким башка бирөөнүн оокатына кол салбайт. Бул ызы-чууда тамактанууну унутпаңыз. Эгер сиз кытай ашканасынын сүйүүчүсү болбосоңуз, казак, уйгур ашканалары да бар. Саякатыңыз бүткөн соң товарларыңыз 50 килограммга жетпесе, бажыны көздөй бет ала бериңиз. Эгер бул салмактан ашып кетсе, сизге жардам берчүлөр чыгарына кепилдик беребиз.
Автобуска кечикпеңиз. Башкаларды күтүү ыңгайсыз экенин эске алыңыз. Жагымдуу саякат!
Дареги: Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 429, 5-кеңсе, байланыш номери 0 (554) 882 128.