Кыргызстандагы ТВ көрүү үчүн №1 мобилдик тиркемени колдонуӊуз - O!TV

O!TV мобилдик тиркемеси Кыргызстанда иштелип чыккан эң популярдуу тиркемелердин рейтингин баштап жүрүүнү улантууда. Телеберүү көрүү үчүн ыңгайлуу тиркеме катарында өз категориясында биринчи болуп саналат. Жалпы рейтингде O!TV тиркемеси популярдуулугу боюнча Facebook тиркемесинен ашып кетти.

O!TV смартфонду же планшетти чыныгы мобилдик телевизорго айлантты. Ишке киргизилгенден кийин дароо эле колдонуучуларга жогорку сапаттагы популярдуу телеканалдар, көптөгөн программалар, телешоу, сериалдар жеткиликтүү болуп калды. Сүйүктүү команданын матчыбы? Шашылыш жаңылыктарбы? Өткөрүп жибергиң келбеген сериалбы? Ушунун баары атайын тиркеменин жардамы аркылуу көрүүгө ыңгайлуу. Мындай тиркеме болуп O!TV саналат, ал 130 чейинки телеканалды көрүүнү сунуштайт. Ошондой эле О!нун абоненттери үчүн интернет-трафик ТВ каналдарды көрүүдө акысыз, ал эми тандамга ар түрдүү каналдардын топтомдору жеткиликтүү.

Каналды дайыма эле түз эфирде көрүүгө мүмкүн боло бербейт. Мындай учурда бул тиркемеде программалардын архиви 3 күндүн ичинде жеткиликтүү. Ошол себептен сүйүктүү шоунун жаңы чыгарылышын өткөрүп жиберүү же спорттук трансляцияда уктап калсаң коркунучтуу эмес. Ооба, ушундай оңой жана өтө ыңгайлуу. Уникалдуу социалдык түзгүчтүн бар болушу маанилүү: O!TV тиркемеси "Бобер" жана "Мама" телеканалдарына кирүүнү сунуштайт, алардын кээ бирлери угуму начар телекөрүүчүлөр үчүн ыңгайлаштырылган жана жаңсоо котормосу менен коштолгон.

Дагы бир пайдалуу лайфхак — телеберүүлөрдү Sony, Phillips, Samsung телевизорлорунун чоң Smart TV экранынан көрүүгө болот. Кабелдик телеберүү өткөрүлбөгөн дачада ТВ көрүү үчүн бул мыкты чечим. Өзгөчө каалаган учурда телеберүүнү тынымга коюп, кечирээк көрүп алса болот.

Аталышы: О!TV

Иштеп чыгуучу: О! мобилдик оператору

Баасы: Акысыз

Айкалышы: iOS жана Android үчүн универсалдуу тиркеме

Жүктөө: PlayMarket же AppStore'дон.

Кенен маалымат o.kg же otv.kg сайтында жеткиликтүү.

O!TV – жагымдуу көрүү каалайбыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан