SUPER.KG порталы 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоону жаңы эрежелердин коштоосунда уланууда. Урматтуу окурман, добуш берүү үчүн шилтемени басыӊыз.
Бүгүнкү күнгө карата тизмеде 13 талапкер бар.
Эскертүү! Сурамжылоого добуш берүү үчүн телефон номериңизди колдоносуз. Сизге 6 сандан турган СМС-код келет. Андан ары сиз 3 мүнөттүн ичинде добуш бере аласыз. Добуш берүү акысыз. Сурамжылоого Кыргыз өлкөсүндөгү "Мегаком", "Билайн", "О!" уюлдук операторлорунун абоненттери гана катыша алат.
Маалымат үчүн: Сурамжылоонун 1-айлампасы 14-28-август аралыгын камтып жыйынтыкталды. 1-айлампада добуш бергендер учурдагы сурамжылоонун 2-айлампасында да добуш бере алышат. 28-августта жаңыланган 2-айлампа 11-сентябрга чейин жүрөт.
Добуш берүү ар эки апта сайын жаңыланып турат. 1-айлампада берилген добуштардын саны 2-айлампага өткөндө кайрадан нөлдөн башталат.
Эске салсак, президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга жалпы 59 талапкер арызын берген.
Шайлоого катышуудан өзү баш тарткандар: Нусрет Муса-Оглы Мамедов, Анвар Сартаев, Акбаралы Айтикеев, Марат Иманкулов, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев, Алмазбек Каримов, Замира Муратбекова, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов жана Акылбек Мансуров.
БШК тарабынан талапкер болуп катталуу эрежесине жооп бербегендиги үчүн шайлоодон четтетилгендер: Куттубек Бешбаков, Марта Кыдыралиева, Муканбайжан Айманбаев, Камил Токтобаев, Роман Ремнев, Назарбек Нышанов, Турсунбай Бакир уулу, Санжар Энназаров, Максатбек Жумабеков, Руслан Жунусов, Мирлан Шерикул уулу, Токтобүбү Таласбаева, Дамира Токтосунова, Калмамат Мактымбаев, Турат Акимов, Темиркул Өмүралиев, Полотбек Кенжекулов, Өмүрбек Бөлтүрүков, Аскарбек Абышев, Советбек Абыкулов, Бакыт Керимбеков жана Марат Мергенов.
БШК тарабынан талапкердин соттолгон деген статусу бар үчүн каттоо чечими чыкпагандар: Садыр Жапаров жана Игорь Трофимов.
4-сентябрда БШК Өмүрбек Текебаевди жарандардан 30 миң кол топтоо баракчалары жокко чыгарылганы үчүн президенттикке талапкер кылуудан баш тартты. Ушул эле күнү Ахматбек Келдибековдун соттолгон деген статусу жоюла электигине байланыштуу Боршайком экс-депутатты да президенттикке талапкер катары каттабоо чечимин кабыл алды.
5-сентябрда БШК Канатбек Исаевди жарандардан 30 миң кол топтой албаганы үчүн президенттикке талапкерлердин катарынан чыгарды. Ал эми Исхак Масалиевди кол топтоодо каржылык эреже бузганы үчүн талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
8-сентябрда БШК Казыбек Шайымбетовду, Рита Карасартованы, Талгатбек Кожогуловду, Кубан Чороевди жана Темирбек Асанбековду жарандардан 30 миң кол топтой албаганы үчүн президенттикке талапкерлердин катарынан чыгарды.
9-сентябрда БШК Турсунбек Акунду жана Камила Шаршекееваны жарандардан 30 миң кол топтой албаганы үчүн президенттикке талапкерлердин катарынан чыгарды.
Шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлер жана БШК тарабынан шайлоодон четтетилгендер сурамжылоонун тизмесинен алынат.