О! мобилдик оператору балдарыңызды көзөмөлдөөгө жардам берет

Жаңы технологиялар учурдун ата-энелерине мурда ойго келбегендей мүмкүнчүлүк сунуштайт: Эми сиз каалаган убакта балаңыз кайда экенин биле аласыз. Жайкы каникулдар эң кызуу мезгилинде, ал эми балдар көпчүлүк убактысын үйдө өткөрбөсүн эске алганда, ата-энелер үчүн О! мобилдик операторунан пайдалуу "Балдар кайда?" кызматы бар, ал балаңыз балдар лагериндеби, чоң эне-чоң атанын үйүндө коноктобу же чыгармачыл ийримдеби, кайсы жерде жүрбөсүн, анын жүргөн жеринен дайыма кабардар болууга мүмкүндүк берет.

Бул маанилүү

Балдардын кайда экенин билүү дайыма маанилүү. Бул ата-энелердин тынчтыгын жана балдардын коопсуздугун камсыздайт, ал эми "Балдар кайда?" кызматы дал азыркы маалда балаңыз, кызыңыз же башка үй-бүлө мүчөсү кайда экенин билүүнүн эң оңой жана тез ыкмасы. Мында кызматтын эң маанилүү функциясы "Көңүл бур, мен бул жакта", бала *7898*1#чакырык буйрутмасын (баланын телефонуна бул буйрутманы сактап берип койсоңуз) тергенде, абоненттерге - ата-энелерге баланын координаты бар билдирүүнү максималдуу ылдам алууга жардам берет.

Бул жөнөкөй

"Балдар кайда?" кызматынын артыкчылыгы анын жөнөкөйлүгүндө. Сизге компьютер же дагы башка жабдык талап кылынбайт. Болгону балада мобилдик телефон болсо болду, буга каалаган моделдеги, керек болсо, жөнөкөй баскычтуу телефон деле жарай берет. Ата-энелерге да компьютер же дайыма интернетке кирүү зарыл эместиги менен ыңгайлуу, болгону О! мобилдик түйүнү камтыган аймакта болуш керек. Колдонуп башташ үчүн каалаган телефондон *7898# буйрутмасын терип, андан кийин нускамаларды аткаруу керек. Автокабарлоо орнотуп алыңыз, анда сиз белгилеген убакта балаңыз кайда жүргөндүгү жөнүндө SMS алып турасыз, андан дарек жана картага белги коюлган шилтеме аласыз.

Бул коопсуз

“Балдар кайда?” кызматы аркылуу үй-бүлө мүчөлөрү кайда жүргөндүгү жөнүндө маалымат конфиденциалдуу жана ата-энелерге гана жеткиликтүү.

Суроого жооп: "Телефон кайда?"

Сиз менен пайдалуу лайфхак менен бөлүшөбүз, бул кызмат телефон жоголгондо да анын жардамы аркылуу телефонуңуз кайда экенин, координатын картадан көрүп, аны кай жакка таштаганыңызды биле аласыз.

Биринчи жолу кошкондо кызмат 10 күн акысыз көрсөтүлөт, андан кийин абоненттик төлөм күн сайын 10 акысыз издөө сурамын жөнөтүү мүмкүндүгү менен суткасына болгону 3 сомду түзөт. Жакындардын жүргөн жери жөнүндө маалыматы бар картага кирүү дайыма акысыз. Маанилүү: Кызматты колдонуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча ишке ашырылышы керек. Кенен маалымат жана кызматтардын толук спектри компаниянын сайтында www.o.kg.

Балдарыңыз үчүн тынч болуңуз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Biinura
2017-08-14 11:48:25
Эээн жакшы.
0
Ayida
2017-08-14 14:16:36
О дон Билайнга кылса болотбу де Ошкадан ошкага болуш керекби?
0
Arlenchik
2017-08-14 17:19:36
Абдан жакшы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан