Кыргыз жеринде ары кызыктуу, ары сырдуу тарыхый жайлар көп. Алардын ичинде түпкү мааниси ушул убакка чейин белгисиз бойдон келе жаткан, сыры толук ачыла элек аймактар бар. Алардын бири – Саймалуу-Таш петроглифтер галереясы. Тарыхчы Кыяс Молдокасымов: “Саймалуу-Таш комплекси ЮНЕСКОнун мурастарынын катарына, “Гиннесстин рекорддор китебине” кирбегени өкүндүрөт. Саймалуу-Таштагы таш бетиндеги сүрөт галереясына 4 чакырымга чукул жерди чукуп, алтын казуу боюнча маселе коюла баштады. Эгерде бул маселе чечилип калса, анда биз келечекте Саймалуу-Таштай дүйнөдө теңдеши жок керемет мурасыбыздан айрылып калышыбыз мүмкүн”, - дейт.
Жалал-Абад шаарынан болжол менен 200 чакырым алыстыкта жайгашкан Саймалуу-Таш коругу тууралуу кызыктарды “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№772, 18-август, 2017-жыл) окуй аласыз.