Садыр Жапаровдун тарапташтарынын сотунда 25-августта жарыш сөз берилет

Бүгүн, 18-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда абакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соттук иши уланды.

Сот бүгүн айыпталып жаткан Садыр Жапаровдун 11 тарапташына жарыш сөз берилерин айтты. Отурумдун башталышында жактоочу Шарабидин Токтосунов айыпталып жаткан Кожогелдиевдин апасы, Сабыр Жапаровдун атасы, Рустам Жапаровдун чоң атасы катуу ооруп жаткандыгын аныктаган тактамаларды кылмыш ишине тиркөө өтүнүчүн берип сот канааттандырды.

Андан соң үч айыпталуучу Усупов, Жеңишбеков, Жапаровдор кошумча жактоочу алганын айтып, соттон анын иши менен таанышуусуна убакыт берүүсүн сурады. Сот тараптардын пикирин угуп жактоочу Шерик Молдобековго 8 томдук тергөө материалдары менен таанышууга бир жума убакыт берди.

Жыйынтыгында сот Жапаровдун тарапташтарына 25-августта жарыш сөз берилерин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан