Жалал-Абад. Премьер Жантөрө Сатыбалдиев ачкачылык жарыялагандар менен жолукту

Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүргөн пермьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн ачкачылык жарыялап отурган энелер менен жолукту. Саат 14:00гө белгиленген өкмөт башчынын жолугушуусу саат 18:30да башталып, ачкачылык акциясынын катышуучулары отурган аянтка келди. Боз үйдө отурган энелердин жанына кирген премьер-министрге катышуучулардын бири сөз сүйлөп, андан 3 депутатты бошотууга убада берүүсүн суранды. Алардын айтымында, К.Ташиевге коюлган 295-берене туура эмес жана бийлик башындагылар бул маселеге олуттуу кароого милдеттүү. Энелер эл өкүлдөрүнүн боштондугун сурап жаткан өтүнүчтү президент Алмазбек Атамбаевге түз жеткирүүсүн суранышты. Премьер бул талаптар мамлекет башчыга жеткирилерин айтып, энелерди сабырдуулукка чакырды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан