О! мобилдик оператору шаардын жашоочуларын жаңы O!Store дүкөнүнө чакырат, ал сатуу жана тейлөө кеңсеси да болуп саналат. Дүкөн Гагарин көчөсү, 275/1 дарегинде жайгашкан, Фрунзе көчөсү менен кесилишет, Globus гипермаркети (Ак-Өргө).
Жаңы O!Store`дон О! мобилдик операторунун кызматтарынын толук спектрин колдонууга болот:
Жаңы форматтагы O!Store дүкөндөрүнүн башкы өзгөчөлүгү – бул көргөзмөлөө стенддери, анда эң актуалдуу смартфондордун тизмеги арзан баада сунушталган. Девайстар, анын ичинде фирмалык O!Phone 4G смартфондорду сатып алардан мурун тандоону аныктоо үчүн текшерип көрсө болот.
Жаңы O!Store`го кош келиңиздер! 10:00дөн 21:00гө чейин дем алышсыз иштейт (тыныгуу 13:00дөн 14:00гө чейин).
«Биз чынында кардарларыбыздын жанындабыз жана алардын саны бүткүл Кыргызстан боюнча дайыма өсүп жаткандыгын сезүү жагымдуу. Бүгүнкү күнү биздин башкы милдет – абоненттердин О! мобилдик оператору менен баарлашуусун максималдуу ыңгайлуу кылуу. Кеңселерибизге келгендердин баарына сапаттуу тейлөөнү, ошондой эле гаджеттерди сатып алууда ар түрдүү акцияларды жана бонустарды сунуштоого кубанычтабыз», - деп О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко билдирди.
O!Store дүкөндөрдүн даректерин О! мобилдик операторунун www.o.kg сайтынан билүүгө болот.