DeFacto жөнүндө кызыктуу фактылар

DeFacto – бул Түркиядагы эң популярдуу мода ритейлеринин (чекене дүкөн) бири. Бүгүнкү күндө бул бренд 156 өлкөдө иштейт. Түркиялык мода индустриясынын лидери сапатты баалагандарга өзгөчө жана стилдүү кийимдерди сунуштайт. Түркиялык бренддин дүкөнү жакында Бишкекте ачылат!

“Баасы кандай?” деп сурайсыңар. Жооп: DeFacto – ар кимге жеткиликтүү стилдүү бренд.

DeFacto Жер Ортолук деңиз стилиндеги кийимдердин коллекциясы менен 2003-жылы рынокко чыккан. Ошондон бери мезгилдин суроо-талаптарына жооп берген моделдерди жаратып келет.

DeFacto – бул жынсы шымдарга альтернатива болгон Түркиядагы жана дүйнөдөгү алгачкы бренд. “Жер Ортолук деңиз модасы” деген сөздү укканда бул марка дароо эске келет.

2011-жылы Барселонада DeFacto өзүнүн брендинин дизайн бөлүмүн ачкан. Мунун аркасы менен коллекциялар дүйнөлүк тренддерге жооп бере баштаган, ал эми кийимдер сапаттуу жана жеткиликтүү болуп кала берген.

Бүгүнкү күндө DeFacto – Түркиядагы мода индустриясынын эки алдынкы брендинин бири. Түркияда анын 200дөн ашуун дүкөнү бар, ал эми дүйнөдө дүкөндөрүнүн саны 300дөн ашат.

Казакстанда DeFacto дүкөнү 2012-жылы ачылгандан кийин бул бренд дароо популярдуу болгон: кассаларда кезектер 2-5 адамдан турган.

Баса, ар бир өлкө үчүн жергиликтүү менталитетке жараша жаңы коллекциялар сөзсүз чыгарылат. Дизайнерлер ар бир өлкөнүн маданиятына жана баалуулуктарына көңүл буруп кийимдерди жасашат.

DeFacto брендинин аялдар, эркектер жана жаш балдар үчүн кийимдердин түрлөрү бар. Кийимдердин өлчөмү эл аралык стандарттарга (ХS'дан баштап, XL'га чейин) жооп берет. Дүкөндө бут кийимди да сатып алса болот.

DeFacto дүкөндөрүндө жумушка жана кечелерге кийчү кийимдердин коллекцияларын тапса болот. Ошондой эле мыкты деңиз, милитари жана сафари стилдериндеги оригиналдуу футболкаларды жана аксессуарларды табуу мүмкүн.

DeFacto бренддин продукциялары экологиялык таза материалдардан жасалат жана жогорку сапаты менен айырмалана турганын өзгөчө белгилейт. Кийимдер нанотехнологияларды пайдалануу менен жасалганы үчүн аларды кийүү жагымдуу.

Бренд бир гана сапат менен өзгөчө дизайндан тышкары кийимдердин жеткиликтүү болушуна чоң маани бергендиктен баалар таң калтырат.

Бишкекте DeFacto Asia Mall соода борборунда ачылат. Моданы жакшы көргөндөрдүн жаңы дүкөнгө болгон кызыгуусу күн сайын өсүп жатат.

“Бул моданын жаңы багыты, демек, кийимдер сизди таң калтырат, сиздин стилиңизге дал келет. Ар бирибиз сапаттуу кийимдерди издеп, базарларды кыдыруудан тажадык окшойт. Ал эми кийим сатуучу дүкөндөрүнөн кийинүүгө баарынын акчасы жетпейт. DeFacto дүкөнүндө сиз убакытты ырахат алып өткөрөсүздөр, ал эми тажрыйбалуу консультанттар сизге жардам беришет”, - деп DeFacto'нун ээлери бишкектиктерге кайрылышат.

Жакында ачылыш!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Aykan08
2017-08-29 16:02:14
СООНУН!!!!Жумшак, ынгайлуу кийимдер жагат!Модный!Азия Моллго барыш керек!
+2
srk312
2017-08-29 16:05:04
оо жакшы жанылык . Ачылышына обязательно барыш керек экен.
+1
Saidochka
2017-08-29 17:25:56
Ошто ачыла элекпи?
0
BakytAliev
2017-08-29 17:27:43
Пияр Asia Mall
0
tular
2017-08-29 19:06:48
"Made in KG" алгыла ошондон отоору жокго
+5
vangolu
2017-08-30 01:39:57
гезит деп ойлосом корсо кийим турбайбы
+7
mbmur
2017-08-30 09:31:57
Коп кийимдери Европа олчомундо бизге туура келе бербейт.Бирок сапаты жакшы.
+2
bond02
2017-08-30 10:13:06
Эмнеси мода?
+2
tavanova.sarah
2017-08-30 14:41:19
Суроттогу бала Кыргызстандан чыккан модель бала эмеспи?
0
nursiyanur
2017-09-06 21:30:07
Астанада ханшатырда бар,бирок сапаты мага ынаган жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан