Бишкек шаарынын тургуну Фарида Мамметова «Бактылуу SMS'тер» викторинасынын Мега байгеси - 3 000 000 сомдун ээси болду. Фарида викторинага катышкандар арасында активдүүлүгүн жана тапкычтыгын көрсөтө алды. Жеңүүчүнүн айтымында, жеңишке жетүүгө жалаң эле билими эмес чыдамкайлыгы дагы жардам берди.
"Мен ар түрдүү викториналарды жана баш катырмаларды жакшы көрөм. Ошондуктан мен "Бактылуу SMS'тер" викторинасына активдүү катыштым. Өткөн айда суроолорго күн сайын жооп бергем жана викторинага катышкандар рейтингинде бирде төртүнчү, бирде бешинчи орунда болгом. Менде оюнга кызыгуу жаралып, түнкү саат 12ге чейин ойнодум. Жыйынтыгында жеңишке жеттим.
Викторинанын жеңүүчүсү болгондугум жөнүндөгү SMS билдирүү келди. Расмий түрдө мага байланышка чыгып, 3 миллион сомдук байгени утуп алгандыгым жөнүндө айтышканда, бул мен үчүн күтүүсүз жаңылыктай болгон жана азыркы маалга чейин мунун баары реалдуу болуп жатканына ишене албай жатам. Бул катачылык болушу мүмкүн деп ойлогом. Ошондуктан ата-энемди капа кылбаш үчүн аларга дагы айта элек болчумун", - деп айта кетти жеңүүчүбүз.
Жеңүүчү кызга ири суммадагы сертификатты MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов тапшырды.
Фарида Мамметова буга чейин аны менен болгон айдын белеги ойнотулушуна катышкан дагы бир окуясы менен бөлүшө кетти:
"Анда мен викторинага катышуучулардын рейтингинде биринчи орунда болгом, бирок андан кийин жеңишке жеттим деген ойдо суроолорго жооп берүүмдү токтотком. Башка абонент менден алдыга чыгып кетип, iPhone 6S смартфонунун бактылуу ээси болгон. Ошондон кийин өз максатыма жетүү чечимин кабыл алгам".
"Бактылуу SMS'тер" викторинасынын жеңүүчүсү 7 жылдан бери MegaCom компаниясынын кызматтары менен колдонуп келет. Жеңүүчүбүз түйүн ичиндеги жана түйүндөн тышкары ыңгайлуу шарттардагы чалууларды сунуштаган «Хит» тарифтик планы менен колдонуп келет.
Жеңүүчүбүз утуп алган каражаттарды өзүнүн чакан бизнесине жумшоону пландап келет.
"MegaCom компаниясына викторинага катышуу мүмкүнчүлүк тартуулаганы үчүн жана өз билимимди сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөндүгү үчүн чоң рахмат. Өз билимиңизге ишениңиз жана эч качан кыйынчылыктар алдында токтобоңуз", - деген сөзү менен викторинанын жеңүүчүсү Фарида Мамметова бөлүшө кетти.