Ырчы Элмира Кайып кызы 42 жашында дүйнө салды

Бүгүн, 31-августта ырчы Элмира Кайып кызы 42 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу ырчынын сахналаштары билдиришти.

Элмира Кайып кызынын туугандарынын айтымында, ырчынын бооруна операция жасалып, ал эсине келбей каза болгон.

Ырчы Элмира Кайып кызы 1975-жылы 4-январь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында туулган. Т.Сатылганов атындагы эстрадалык студияны жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган.

Алгач Р.Абдыкадыровдун "Ак куулар сени сагынар" деген ыры менен К.Орозов атындагы оркестрдин коштоосунда сахнага чыккан. Эстрадада Шамшыбек Өтөбаевдин "Калды эсимде" деген ыры менен таанылган. Элмира Кайып кызынын аткаруусундагы "Булбулум" аттуу чыгарма элге кеңири тараган. Ырчы акыркы мезгилдерде Мамлекеттик чек ара кызматынын ыр жана бий ансамблинин насаатчысы болуп иштеп келген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты ырчынын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (44)
Medina87
2017-08-31 20:31:02
Жакшы адамдардын омуру кыска, бирок нуска!
Булбулумду угуп канча деген адам эргуу алчу, жашоонун, башкысы; Суйуунун кадырын сезчу....
Жаткан жери жайлуу болуп, бейиштин торунон орун алсын!!
+4
AltynaiEsenturova
2017-08-31 20:35:37
Жаткан жери жайлуу болсун
+5
urmatovam
2017-08-31 20:38:33
Бул суук кабарды угуп журогум ооруду.Элмира Эже жаткан жериниз жайлуу топурагыныз торкоо болсун.Калган омур жашынызды Кызынызга берсин.
+6
ashamkan
2017-08-31 20:41:54
Кудайым жакшы кундордо алыптыр жаткан жери жайлуу болсун
+6
kutman-kg94
2017-08-31 21:17:23
Жайы жанатан болсун
+4
muzafar_9696
2017-08-31 22:11:54
Жаткан жери жанаттан болсун. Жакындарына конул айтам. Ыйык кундордун бири, жылына бир келчу Курбан айт куну жана кундордун эн жакшысы жума куну жерге берилет экен арты кайгылуу болсун. Бизге да ушул кундор насип этсин. Ар бир адам олум даамын татуучу
+5
dastan_nookat
2017-08-31 23:02:10
Эх жаман болуптур жакындарына терең көңүл айтам
+2
Akzholtoi
2017-08-31 23:09:54
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
+2
gul3ina
2017-08-31 23:26:12
Жаткан жери жайлуу болсун.Эх аттин дуйно.Окуп алып чоочуп кеттим
+2
zhykyo
2017-09-01 00:19:00
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун жаш кетиптир
+2
Shahrizaada
2017-09-01 00:20:20
Ар кечте ар таңда боздоп сайрап, азгырып сезимди козгоп сайрап. Бир булбул буулугуп келет күндө. Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.(((


Аттиң арман, дагы бир булбулубуздун үнү буулгуп жалп өчтү. Ыйманыныз Саламат болуп, Алла Таалам бейишке булбул кылып кондурган болсун!
+3
jusupova
2017-09-01 00:42:48
Жаткан жерин жайлуу, топурагын торко болсун! Акыреттен билип билбеген куноолордон кечирсин! Ыйманы саламатта болсун Эльмира эже!
+4
Pchelka85
2017-09-01 02:50:45
Эльмира эже, жаркылдап жургон ажайып Жан эле... Аттин.
Ооруп жургонун деле билбептирбиз го... Эми булбулдар Эльмира Эжени ЖОКТОП сайрайт экен да... ((((((((
+2
Aidan88
2017-09-01 06:53:06
Jatkan jeriniz jailuu bolsun ejeke
+1
surgeon777
2017-09-01 14:13:45
Жараткан жашынызды аз олчоп коюптур,жаш кеткениниз абдан окунучтуу...
Жаткан жериниз жайлуу,топурагыныз торко,жайыныз жаннаттан болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан