MegaCom: "Элдик интернет" - эл үчүн мыкты сунуш!"

Учурда жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет күнүмдүк жашоодо муктаждыктардын бири болуп калды. MegaCom 4G LTE технологиясы интернеттин активдүү пайдалануучулары үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт.

Мега – түйүндүн абоненттери жогорку сапаттагы видеочалууну аткарууга, HD сапатындагы видеороликтерди жана тасмаларды көрүүгө жана ири көлөмдөгү маалыматты көчүрүүгө көнүшкөн. MegaCom'дун мобилдик оператору алардын каалоосун эске алып, аз убакыттын ичинде мобилдик интернетти колдонуучулар арасында кызыгууну жараткан «Элдик Интернет» тарифтик планын иштеп чыкты.

Ар бир абонент өзүнө керектүү көлөмдөгү интернеттин оптималдуу вариантын тандай алат. Эң үнөмдүү топтом - «Элдик Интернет 90». Жумасына болгону 90 сомго максималдуу ылдамдыктагы 6 ГБ интернет, түйүн ичиндеги баарлашуунун 100 мүнөтү жана 100 SMS берилет. Ал эми «Элдик Интернет 130» жана «Элдик Интернет 170» топтомдору жогорку ылдамдыктагы ири көлөмдөгү мобилдик интернетти ири көлөмдө колдонгон, түйүндөн тышкары чалууларды дагы көп аткарган абоненттерди кызыктырат.

Мындан дагы чоң көлөмдөгү трафик керектелген учурда турбо баскычты кошуңуз.

  • Турбо баскыч 2 GB *290*2*1# - 50 сом
  • Турбо баскыч 5 GB *290*5*1# - 100 сом
  • Турбо баскыч 10 GB *290*10*1# - 150 сом

Турбо баскычты кошуп, топтомдун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз болоруңузга ишеничте боло аласыз.

«Элдик Интернет» тарифине өтүүнүн баасы 60 сом жана тандалган топтом үчүн жума сайын алынуучу абоненттик төлөм кошулат. Тариф тууралуу толугураак маалыматты компаниянын сайтынан же *678 номуруна чалып биле аласыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Isco22
2017-09-04 14:24:06
Урматтуу колдонуучулар жана мегаком. Ушул 6 ГБ 4Gга башка 3Gга ьашка болуп береьи же общий колдонсо боло береби билгендер жазып койгулачы
0
urmat94
2017-09-04 19:07:48
Isco22,4G окуса 6г окубаса 3г болот
0
suyor
2017-09-04 14:35:45
Кундуз жарымын, туну жарымын берет,
0
koshterek
2017-09-04 14:46:25
Maga 0!shkanyn internet yldamdygy jagat
0
Tortkul2017
2017-09-04 16:29:56
Элдик дегени бар экенго жумасына 50 сом, ушул жонундо кенири айтып берип коесуздарбы билгендер болсо.
0
ulik.uma04
2017-09-05 01:42:57
Tortkul2017,megacom.kg//online деп терсен.консультант мн туз байланышып сууроно жооп алсан болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан