Дүйшеев "Кумтөрдөгү" экологиялык шарттардын жакшырышы тууралуу: "Өкмөт мурун эле жасачу ишти эми аткарды"

“Центерра Голд Инк” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев “Өкмөт мурун эле жасачу ишти эми аткарды” деп билдирди. Тараптар Кыргызстандагы экологиялык доолор боюнча соттук териштирүүлөр менен Стокгольм шаарындагы (Швеция) эл аралык арбитражды толук жөнгө салууну көздөшөт.

Анын айтымында, кубануу менен кабыл алган Кыргыз министрлер кабинетинин биринчи кадамы. "Бул маселени эчак эле чечип, макулдашуу керек эле. Азыр болсо туура жана керектүү кадам жасалды. Мындан ары улантуу зарыл", - деди Дүйшеев.

Белгилей кетсек, жетишкен макулдашууларга ылайык, "Центерра" кайрадан түзүлүп жаткан жаратылышты өнүктүрүү фондуна айлана-чөйрөнү коргоо үчүн иш-чараларды каржылоого 50 миллион доллар бөлүүгө даяр. Ысык-Көлдүн акваториясында заманбап тазалоочу жайларды куруу жана модернизациялоого жумшоо пландалууда. Жыл сайын төлөнүүчү экологиялык төгүм 3 миллион долларга чейин көтөрүлөт. Социалдык өнөктөштүктүн алкагында канадалык инвесторлор республикалык Онкология борборун модернизациялоо жана техникалык жабдууга 10 миллион доллар бөлүүгө даяр.

Дүйшеев бир чечимге келүү биринчи гана кадам экенин айтты. Эми позицияларды бекемдөө үчүн аракеттер керектигин белгилейт.

"Эгерде "Кумтөр" ишин улантса бюджетке каражат түшүүсү да сакталат. Абдан кесипкөй, чоң маяна алган адистер жумушсуз калбайт. Бул жөн гана 3 миң адам эмес, ар биринин 3-4 бүлө мүчөсү да бар. Кошумча, компания ишиндеги мультипликативдүү эффект. Мен бул кабарды жакшы кабыл алдым. Жаңы өкмөт эксперттердин пикирин угуп, башка багыттар боюнча дагы ушундай жол менен кетет деп үмүт кылам", - деди Дүйшеев.

Геологдун билдирүүсүндө, премьер-министр менен ал жана анын кесиптештери жолугуп, тоо-кен тармагындагы маанилүү кеңештерди талкуулаганга көп жылдан бери эми мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

"Дагы бир маанилүү учур, "Центерра Голд Инк" Кыргыз Республикасында геологиялык чалгындоо иштерине инвестиция салып, кыргыз тарап менен биргелешкен ишканаларды ачып, жаңы кендерди иштетүүгө ачууга даяр экенин билдирди. Тоо-кен комплексибизди өнүктүрүү үчүн бул абдан маанилүү", - дейт Кыргыз Республикасынын тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Patriot7
2017-09-07 14:03:45
Бул Орозбек Дуйшеев деген кишини бир омур абакка кессе да аздык кылат. Ушундай бироолордун "куурчагы" элге, Мекенге каршы иштеп, чон кызматта отурганы окунучтуу. Эгер мен президент болсом, бул кишинин 2-3 муун урпагын турмого кесмекмин, бул кишинин куноосу учун, анткени бул кишинин оз омуру жетпейт абакта оз куноосун жуу учун.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан