Тышкы иштер министрлиги кабыл алуу графигин өзгөрттү

Тышкы иштер министрлиги Консулдук кызмат департаментинде жумуш графиги менен жарандарды кабыл алуу убактысы өзгөртүлгөнүн маалымдайт. Ал Кыргызстан жана чет мамлекеттик жарандардын консулдук кызмат алуусун жеңилдетүү үчүн жасалган. Ушул жылдын 22-октябрынан баштап ишемби, жекшемби күндөрү жана расмий майрам күндөрдөн сырткары жарандарды кабыл алуу күн сайын жүргүзүлөт. Буга чейин шаршемби күнү жарандар кабыл алынчу эмес. Ошондой эле кабыл алуу менен документтерди берүү убактысы көбөйтүлдү. Департаментте документтер саат 09:00дөн 12:30га чейин кабыл алынса, документтерди тапшыруу саат 16:30дан 18:00гө чейин жүргүзүлөт.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан