Беназир, Элмира Кайып кызынын кызы: “Апалап кыйкырсам да эсине келген жок...”

“Булбулум” деп боздоп ырдаган эстрада ырчысы Элмира Кайып кызы 31-августта жүрөгү ооруп “Тез жардам” чакыртып, бирок ооруканага жетпей көз жумган. 2-сентябрда ырчынын сөөгү Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында жерге берилди.

“Үйгө келсем, апам эсин жоготуп жатыптыр, эки жагында атам менен бир кошуна эже колдорун ушалап жатышат. Апалап кыйкырсам да эсине келген жок. Буга чейин жүрөгү ооручу эмес. Кээде гана “жүрөгүм сайгылашып жатат” дечү, бирок ага көңүл бөлбөптүрбүз. Болгону “балалуу болом” деп көп дарыланып жүрдү”, - дейт Элмира Кайып кызынын кызы Беназир.

Булбул үндүү ырчыны эстеген жакындары, санаалаштары көзүнө жаш алып жатышты. Алардын эскерүүсүн “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№775, 8-cентябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин №775-жаңы санында...

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан