Кыргызстандын намысын дүйнөлүк ареналарда коргоп, Орусиянын Москва шаарында жашап-иштеген ММА жана уруш самбосу боюнча спорт чебери, мушкер Тилек Батыров бизге маек курду. Эл арасында “кыргыздын Макгрегору” атыккан ал: “Айтканымдан, көздөгөнүмдөн кайтпаган өжөрлүк сапатым үчүн Макгрегорго окшоштурушса керек. Ал эми мушташта атаандашты дароо моюндан алганым дайыма колдонгон ыкмам катары айтылат”, - дейт.
Мушкердин маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№775, 8-cентябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.