Дүйшөмбү, 11-сентябрь күнү саат 10.00дө Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бакыт Төрөбаевдин “Өнүгүүнүн жаңы багыты-2023 – Кайра жаралуу” саясий программасынын бет ачары өтөт.
Иш-чарага белгилүү коомдук ишмерлер, саясатчылар, жарандык активисттер, өлкөнүн жети облусунан келген 1200дөн ашык делегаттар жана чакырылган коноктор катышмакчы..
Иш-чаранын жыйынтыгында Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда медиа брифинг болот.
Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү алдын ала төмөнкү телефон аркылуу аккредитациядан өтсөңүздөр болот: +996(555)346898
Каттоо саат 10.00дө башталат.
КРнын Президенттигине талапкер
Бакыт Торобаевдин
Башкы штабы