Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер: “Миграциянын агымын эки эсеге азайтабыз”

- Бакыт Эргешевич, президенттик жарышка аттандыңыз. Бийликке келип калсаңыз, миграциянын агымын токтотуу боюнча кандай кадамдарды жасайсыз?

- Элибиз мага ишеним артып, бийликке келсем, чиновниктердин санын азайтып, мамлекеттик аппаратты каржылоого кеткен чыгымдарды кыскартам. Үнөмдөлгөн каражаттар курулуштарга, өндүрүштүк ишканаларга жана бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин айлык акыларын көтөрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө жумшалат. Өлкөбүздө 300 000ден ашык жумушчу орундары пайда болот, 300 ишкананы ишке киргизүү боюнча чечкиндүү чаралар көрүлөт. Муну менен катар миграциянын агымын токтотуу үчүн айыл жерлериндеги үлүш жерлерди толугу менен иштетип, ар бир үй-бүлөнүн чакан бизнес ачуусуна шарт түзүүнү жеке көзөмөлүмө алам. Бизнесин ачып жаткандарга түрткү берүүчү ссудаларды берип, жарандарыбыз мээнет менен өндүргөн продукцияларын чет өлкөлөргө жогорку баада сатып алышына көмөк көрсөтөм. Миграциянын агымын токтотуу боюнча мындан башка да көп пландарым бар. Мен азыр бир-эки гана мисалга токтолдум.

- Ар бир үй-бүлө чакан бизнеске ээ болуусу керек деп жатасыз, муну кантип ишке ашырасыз?

- Бул мамлекеттик программа болот. Ал үчүн жүз миң сомдон бир миллион сомго чейинки ссудалар берилет. Керек болсо, мындай ссудалар үйдө отурган апаларыбызга да берилет, алар жылуу жумшак отуруп алып эле өз бизнесин жасаса болот. Маселен, жогорку окуу жайын бүткөн улан-кыздарыбызга тиешелүү жардамдарды көрсөтсөк, мигрант болуп, чет мамлекетке чыкпай эле ушул жерден акча тыйын таап, жыйынтыктуу иш алып бара алышат.

- Орусиядагы мигранттар менен барып жолугуп, көйгөйлүү маселесин парламентте да көтөрүп келе жатасыз. Мекендештерибиздин кайсы олуттуу проблемаларынын чечилишине салым кошо алдыңыз?

- Өзүңүздөргө маалым болгондой, Орусия Федерациясы 2017-жылдын 1-июнунан тартып, башка мамлекеттердин улуттук айдоочулук күбөлүгүн тыюу сала турган мыйзамды ишке киргизген. Биздин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы бул маселени парламентте дароо көтөрүп чыктык. Анткени биздин мекендештердин көпчүлүгү Орусиянын транспорттук ташуу жана такси тармагында иштеп жан багышууда. Тактап айтканда, 200 000 адам жумушсуз калуусу мүмкүн эле. Эмгегибиз текке кеткен жок, маселе Мамлекеттик Думада каралып, Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын жарандарына Орусиянын аймагында өз айдоочулук күбөлүгү менен автоунаа айдап, ишмерлик кылууга уруксат берүүчү мыйзамга кол койду. Жыйынтыктап айтканда, аталган көйгөйдүн чечилишине биздин фракция дагы өз салымыбызды кошо алдык деп эсептейм. Ошондой эле кара тизмеге кирип калган жарандарыбыздын маселесин "Өнүгүү-Прогресс" фракциянын жыйынында улам-улам көтөрүп, тиешелүү жетекчилерди чакырып, аларга катуу тапшырмаларды бердик. Орусиянын Мамлекеттик Думасына кайрылуу жөнөтүп, мигранттарыбыздын көбүн кара тизмеден чыгарууга жетише алдык.

- Бир топ улан-кыздарыбыз бүгүнкү күндө кийим тигүү цехтеринде эмгектенип, каражат табышууда. Бирок алар дагы кыйынчылыктар көп деген дооматтарды коюп келишет. Бул боюнча кабарыңыз барбы?

- Дордой базарына барып, ошол жердеги цехтердин көбүнө кирип чыктым. Алар бир эле маселени айтышты. Кийимди Кытай, Турция мамлекеттеринен алып келиш кымбат, бирок алардын материалын алып келип, бул жерден тиксек, бизге ыңгайлуу болмок дешти. Бирок материал Казакстанда "растаможка" болуп, анан бул жакка келип жатат. Эмне үчүн? Себеби бизде "растаможка" кымбат болуп жатат. Андыктан аталган көйгөйдү тезирээк чечүү талабын коюп жатам. Кийим тигүү цехтеринде иштегендерге колдоо кыла турган болсок, буюрса, абдан жакшы ийгиликтер болот. Муну ишке ашырабыз. Анткени биздин тигүүчүлөрдүн колунан чыккан товарлардын сапаты өтө жакшы. Бул тармакты өнүктүрүүгө өтө чоң мүмкүнчүлүк бар.

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. PR-кызматы тарабынан даярдалды. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Рыскулов к. 79 "б". Чыгарылган датасы: 12.09.2017-жыл. Нускасы: 1 даана. Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Тулеев Б.Б. шайлоо фондунан төлөдү. Келишим №126/17-СR, 6-сентябрда түзүлдү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан