СУРАМЖЫЛОО: СИЗ 13 ТАЛАПКЕРДИН ИЧИНЕН КИМИСИ ПРЕЗИДЕНТ БОЛУШУН КААЛАЙСЫЗ?

10-сентябрь күнү БШК үгүт кампанияга старт берип, президенттикке талапкер болуп катталган 13 адам өз ара күрөшүн баштады. SUPER.KG порталы 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун 3-айлампасын баштайт. Ал 11-сентябрдан 24-сентябрга чейин уланмакчы. Урматтуу окурман, добуш берүү үчүн шилтемени басыӊыз.

Маалымат үчүн: Биринчи жана экинчи айлампада добуш бергендер учурдагы сурамжылоонун 3-айлампасында да добуш бере алышат. Добуш берүү ар эки апта сайын жаңыланып турат. Биринчи жана экинчи айлампада берилген добуштардын саны 3-айлампага өткөндө кайрадан нөлдөн башталат.

Эскертүү! Сурамжылоого добуш берүү үчүн телефон номериңизди колдоносуз. Сизге 6 сандан турган СМС-код келет. Андан ары сиз 3 мүнөттүн ичинде добуш бере аласыз. Добуш берүү акысыз. Сурамжылоого Кыргыз өлкөсүндөгү "Мегаком", "Билайн", "О!" уюлдук операторлорунун абоненттери гана катыша алат.

Добуш берүүнүн эрежеси: Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон бардык жараны шайлоого укуктуу. 16-августтан 30-сентябрга чейин Кыргыз Республикасынын шайлоочулары өздөрүн шайлоочулардын жалпы тизмесинен жеке маалыматтарын текшерүүсү зарыл. Муну участкалык шайлоо комиссиясынан же БШКнын сайтына кирип текшерсе болот. Ошондой эле 16-августтан баштап, бардык шайлоо участкаларында милдеттүү түрдө шайлоочулардын тизмелери илинет, ал жерден карап, билсе да болот

Биометрикалык каттоодон өтүүгө үлгүрбөй калгандар жашаган жери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы органдарынын биометрикалык каттоо пункттарынан өтсө болот, андан кийин өздөрүнүн маалыматын добуш берүү участкасынан такташы зарыл.

Кыргыз өлкөсүнөн тышкары жерлерде жашаган КР жарандары 15-октябрда Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелериндеги 37 шайлоо участкаларында добуш бере алышат. Бул үчүн чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын Консулдугуна каттоого туруш керек.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (184)
jiku_83
2017-09-23 00:04:51
супер мен добуш бере албай жатам го
эмне үчүн?
+1
admin_superstan
2017-09-23 08:53:08
jiku_83, саламатсызбы! Кандай тоскоолдуктар болуп жаткандыгын айтсаңыз?
-1
Altysh_Boldush
2017-09-23 02:58:56
Жээнбеков мн Бабановту колдосонор. Кыргыз элим дагы бир жолу адашабыз((( Адахан Мадумаров Улукбек кочкоров келиш керек бийлике
+7
Mamatmuso84
2017-09-23 13:51:20
Бабанов татыктуу эмес приздентдике ани биринчи айалы казак экинчиси чечен апаси курт анан кандай приздент болот Бакивдин айалыда кыргыз эмес болчу Акаевда айалы киргиз эмес болчу экобунун туубуго айлы жеткен ошоны ойлонгула кыргыз элим
+5
zhumali
2017-09-24 14:28:31
Ушулардын баары бийликте отурат эмне кылышты эчтеке
Же бирөөсү бир нерсе кылдыбы эчкимиси.
Өзгөндө Жалалабатта жер титирегенде бирөө бардыбы эч кимиси.
Куураган кыргыз элим булар бизди алдап кетек Акаевди дагы Бакиевди Атамбаевди да биз шайлаганбыз ошолорда айткан мамлекети оңдойбуз деп эмне болду көрүп турабыз
Мен эч кимисине ишенбейм булар биздин мамлекетти талап жок кылышат.
+2
Tailak
2017-09-24 19:01:48
Мадумаровду шайлагыла
0
Amai
2017-09-24 19:42:06
Лла иллаха иллалоху Мухамадир абдуху ва расулаллах.деп баштайм жараткан алланын аты менен.Мадумаров болсун.
0
admin_superstan
2017-09-25 09:57:23
alikgz, жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
admin_superstan
2017-09-25 09:58:44
Tash-Myltyk, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Этика нормаларын сактаңыз. 10 күнгө БАН!
0
admin_superstan
2017-09-25 10:40:09
eddi.kg, провокация жаратпаңыз. Эскертүү!
0
admin_superstan
2017-09-25 10:43:54
KIRA., такталбаган маалымат берүү менен порталдын колдонуучуларын алдоону же чаташтырууну максат кылган билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
azatbek19995
2017-09-25 23:28:13
Жээнбеков *Алга*
0
friendwipkg
2017-09-27 17:43:19
Байлыктын кулу, бийликтин кулу - керек эмес. Элдин кулу - керек болуп турат.
0
Marasul.gulnur
2017-09-29 14:13:32
Биз да жолдошум, экообуз Мадумарлвду колдойбуз.
0
kasiko
2017-09-29 21:49:10
Бабановду адам катары жакшы эле киши деп ойлочумун. Он адырдагы суйлогонунон кийин, президент болуш учун ар кандай кадамдарга барганга даяр экенине ынандым,Бабанов да Жээнбеков да Атамбаевдин табакташы,бирок Жээнбеков болгону жакшыраак болуп жатат,онукпосок да тынчыраак отурабыз
0
atakyzy
2017-10-01 23:21:07
Жакшылыка ишениш керек! !!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан