Бакыт Төрөбаев “Өнүгүүнүн жаңы багыты - Кайра жаралуу” аттуу өзүнүн программасынын бет ачарын жасады











Бүгүн, 11-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда президенттикке талапкер Б.Төрөбаевдин “Өнүгүүнүн жаңы багыты - Кайра жаралуу” аттуу саясий программасынын бет ачары болуп өттү. Иш-чарага белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер жана өлкөнүн жети облусунан келген 1200дөн ашык делегаттар катышты.

“Баш мыйзамдын 2-беренесинде айтылгандай, “Кыргызстандын эли - суверинитетти алып жүрүүчү жана мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп эсептелет. Кыргызстандын калкы ɵз бийлигин шайлоолордо жана референдумдарда ишке ашырат. “Эгер эл мени мамлекет башчысы кылып шайласа, алгачкы демилгем - жалпы улуттук референдум өткөрүүгө арналат. Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосу менен биз референдумга эки маселени коёбуз. Биринчиси, башкаруу формасын аныктоо: Президенттикпи же Парламенттикпи? Экинчиси, Жогорку Кеңештеги депутаттардын санын 120дан 75ке чейин кыскартуу боюнча. Мен бул тандоону элдин өзүнүн эркине коём”, - деди Бакыт Төрөбаев аталган иш-чаранын жүрүшүндө.

Ошондой эле Бакыт Төрөбаев “мамлекеттик чыгымдар 130 миллиард сомдон ашты, бул биздин экономикалык абалыбызга туура келбейт. Биз бул чыгымдарды кыскартабыз, келечекте 9 министрлик болот. Алар өз тармагынын жоопкерчилигин алган кесипкөй министрликтер болушу зарыл. Ал эми Президент жана облустун губернаторлору (Өкмөттүн атайын ыйгарымдуу өкүлү) эки жылда бир жолу Элдик Курултайга аткарган иштери тууралуу маалымат берип турушу шарт. Элдик Курултайдын регламенти мыйзам менен белгиленет" деген пикирин билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. PR-кызматы тарабынан даярдалды. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Рыскулов к. 79 "б". Чыгарылган датасы: 11.09.2017-жыл. Нускасы: 1 даана. Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Тулеев Б.Б. шайлоо фондунан төлөдү. Келишим №126/17-СR, 6-сентябрда түзүлдү.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан