Бакыт Төрөбаев: “Балдарга карата жасаган зомбулук жана терроризм сыяктуу оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын ишке ашыруу керек”

“Кыргызстандын өзүнүн башка элдерден айырмаланып турган жана биздин тарыхый миссиябыз катары саналган улуттук идеологиябыз болушу керек. Бардык баалуулуктарыбыз кол тийбес бойдон кала берет. Өзүбүзгө таандык болгон маданияты жана философиясы бар байыркы элбиз, биз каада-салттарыбызды барктайбыз жана өнүгүү үчүн инновацияларды колдонобуз. Евразиялык цивилизация - өнүгүүбүздүн башкы багыты, салттуу үй-бүлө коомубуздун өзөгү”.

“Мамлекет балдарыбыздын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү жана аларды зомбулуктан сактоо мамлекет башчынын өзгөчө көзөмөлүндө болушу шарт. Балдарга каршы жасалган кылмыш иштерине катаал жаза берилет, мындай кылмыштардын эскирүү мөөнөтү жоюлбайт”.

“Жаш балдарга зордук-зомбулук кылуу жана терроризм сыяктуу оор кылмыштарга өлүм жазасын киргизүү керек”.

“Жол кырсыгына кабылып каза болуп жаткан балдарыбыз аз эмес. Жол кырсыгына себепкер болгон айдоочу соо эмес абалында болсо, аны өмүр бою айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратабыз. Жол эрежесин бузгандарга салынган айып пул, бизде КМШ мамлекеттеринин ичинен эң жогорку өлчөмдө болот. Мен өлкөбүздөгү балдардын коопсуздугун толук сактоого сөз берем”, - деди Бакыт Төрөбаев өзүнүн саясий программасынын бет ачарында.

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. PR-кызматы тарабынан даярдалды. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Рыскулов к. 79 "б". Чыгарылган датасы: 11.09.2017-жыл. Нускасы: 1 даана. Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Тулеев Б.Б. шайлоо фондунан төлөдү. Келишим №126/17-СR, 6-сентябрда түзүлдү.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан