Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдоп Кант шаарынын тургундары менен жолукту.
Президенттике талапкер 5 кадамдан турган "Алдыга жол" аттуу программасын презентация кылды. Ал Кыргызстанды түп тамырынан бери өзгөртүүгө арналып, төмөнкү тарыхый президенттик указдардан турат:
"Бүгүн тарыхый окуялардын башталышы. Сиздердин добуштан өлкөнүн келечеги көз каранды. Мамлекет 26 жыл бою бир ордунан жылбай дагы деле тура береби же жокпу? Биздин жарандар Казакстандын талааларында же Орусияда эмгектенеби же өз жеринде татыктуу жумушта иштейби? 26 жылда эмне өзгөрдү? Акча бермейинче бала бакчага дагы, мектепке дагы, жогорку окуу жайга дагы өтө албайсың, тааныш-билишсиз жумушка орношо албайсың. Биз Кыргызстанды ким өзгөртө алат деген суроонун үстүнөн көп ойлондук. Реформаларды жана өзгөрүүлөрдү биздин өлкөгө бир гана Бабанов алып келе алат. Кыргыз эли эзелтен баатырлары менен даңкталып келген. Ал эми бүгүнкү күндүн баатырлары - бул эл үчүн иштегендер", - деди Канат Исаев.
Новопокровка айылынын тургуну Тилек Арыскалый уулу Бабановду жаштардын атынан колдоп келгенин белгиледи.
"Мен бул жерге абдан көп эл чогулганына сүйүнүп отурам. Бирок бул кандидатты колдогон Ысык-Ата районунун тургундары толук чогулганда кичинекей стадионго батпай калар эле. Бизге жаш президент керек, бизге реформатор керек. Алдыга жылгыбыз келсе туура чечим жасап, чыныгы президент үчүн добуш беришибиз керек. Биздин өлкөнүн жарандары Бабановду колдойт деп ишенем", - деди ал.
Кант шаарынын тургуну Совет Абдишевич реформа жана жаңылануу, мыкты Кыргызстан үчүн добуш берүүгө чакырды.
Ал эми президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Кант шаарынын тургундары "Алдыга карай жол" үчүн добуш бере турганына ишеним артарын айтты.
"Биригүүгө убакыт келди. Президент болуу абдан жоопкерчиликтүү экенине ишенип турам. Мен сиздердин добушуңуздарга ишенем. Сөз берем, Кыргызстан эң тез өнүгүп келе жаткан дүйнөдөгү мыкты 10 өлкөнүн катарына кирет", - деди Өмүрбек Бабанов.