Мобилдик түзүлүштөрдүн дүйнөлүк өндүрүшчүлөрүнүн товарларынын кеңири ассортиментине ээ болгон кыргызстандык ири онлайн-соода дүкөндөрүнүн бири SHOP.O.KG жана анын толук форматтагы аналогу - O!Store дүкөндөрү сиздер үчүн бир дагы пайдалуу сунушту көз жаздымда калтырбаш үчүн эң мыкты акциялардын тизмесин даярдашты!
Бул акцияларга катышуу менен сиз О! тармагындагы байланыш кызматтарынан олуттуу арзандатууларга ээ болосуз. Шашылыңыздар, алардын мөөнөтү чектелүү.
2017-жылдын HUAWEI Y смартфонун сатып алганыңызда балансыңыз 600 сомго чейин толукталат
O!Store дүкөндөрүнүн кайсынысынан болбосун 2017-жылдын Huawei Y сериясындагы 4G-смартфонун сатып алыңыз жана өз балансыңызга белекке 600 сом алыңыз. Бонустун көлөмү сатып алынган моделдерге жараша айырмаланат:
Насыяга смартфон сатып алган учурда “О!го которул” тарифине 50%дык арзандатуу
O!Store дүкөндөрүнөн смартфондун каалаган моделин же планшетти бөлүп төлөө үчүн сатып алса болот. Болгону жаныңызга паспортуңузду жана эмгек акыңыз тууралуу маалымкатты алып алууңуз керек. Сатып алган жерден эле адистерибиз сиздер үчүн арзандатуунун жеке көлөмүн эсептеп, насыяга максималдуу ыкчам түрдө даярдап беришет.
Фирмалык O!Phone сатып алган учурда, балансыңыз 300 сомго чейин толукталат
Заманбап O!Phone — бул ыңгайлуу баа, кепилдик, ишенимдүүлүк.
Фирмалык смартфондорду бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен жана О! Store дүкөндөрүнөн сатып алса болот.
shop.o.kg сайтынан товарларды тандаңыз жана аларды үйүңүзгө жеткирүү үчүн 0705 007000 (О! абоненттери үчүн чалуу бекер) телефону аркылуу буйрутма бериңиз же болбосо O!Store заманбап хай-тек дүкөндөрүнө келиңиздер.
Толук маалымат бул жерде: shop.o.kg.