Чоң-Алай районунун тургундары Өмүрбек Бабановдун программасын колдошту



Кыргызстандын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабанов Ош облусундагы Чоң-Алай районунун тургундары менен жолукту. Биринчи жолугушуу Карамык айылында болду. Анда жергиликтүү тургундарга «Алдыга карай жол» шайлоо программасы тааныштырылды.

"Биздин элибиз үчүн биринчи орунда – коопсуздук туруп келген. Жергиликтүү тургундар жаратылыш кырсыктарынан сырткары жашагысы келет. 700дөн ашык үй жакында эле болгон жер титирөөдөн жабыр тартты. Убада берем, мени 15-октябрда колдосоңор, анда кыйраган үйлөрүңөрдү оңдоп беребиз. Мамлекеттен дал ушундай жардам болушу керек эмеспи", - дейт Өмүрбек Бабанов.

Ошондой эле президенттикке талапкер Ош облусундагы Чоң-Алай районунда жайгашкан Дароот-Коргон айылына барды. Жергиликтүү тургундар Өмүрбек Бабановду колдоп өз пикирлерин айтышты.

"26 жыл ичинде Кыргызстан өз жолун таба алган жок. Эмне үчүн биз Бабановду колдоп жатабыз? Анткени бизге таза, билимдүү, жаш лидер керек. Ал өлкөнү жаңы жолго сүрөйт. Себеби өлкө башчынын ээлеген орду абдан чоң", - деди Ырыскул Бактыбаев.

Аталган талапкерди колдоп, экс-вице-премьер министр Абдырахман Маматалиев да райондун тургундары менен жолукту.

"Мен Өмүрбек Бабановду колдойм. Аны ар жасаган кадамдары жана күчтүү инсандык сапаттары үчүн тандадык. Кыска аралыкта чыныгы реформаларды жасап, өзгөрүштөрдү алып келди. Ооба, дагы көптү кылганга жетишпей калды. Бирок ал жасап кеткен реформаларды азыркы учурда мамлекет ишке ашырып жатат. Элибиз жаш реформаторду жана таза саясатчыны колдойт деген ишенимдебиз”, - дейт Абдырахман Маматалиев.

Маматалиев Кыргызстанга Бабановго окшогон жаш лидер керек деп белгилеп өттү.

"Алдыга карай жол" программасы 5 кадамдан турат. Алар президенттин тарыхый указдары түрүндө көрсөтүлүп, кыргыз жеринин жашоо жана эмгек шартын түп-тамырынан бери өзгөртүүгө багытталган.

  • Мамлекетти башкаруунун жаңы стили
  • Жаңы экономикалык жана социалдык саясат
  • Коррупциясыз өлкө. Көз карандысыз сот системасы
  • Коопсуз өлкө
  • Эффективдүү тышкы саясат. Маданий мурас
Аткаруучу: ЖЧК "SUPER.KG" (СУПЕР.КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к. 180.Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т.Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э. Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 12.09.17

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан