Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер: “Биздин жаштар тажрыйбалуу партияларды артка таштады”


- Бакыт Эргешевич, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жаштар канаты "
Демократия мууну" аттуу дебатта жеңүүчү аталды. Сизде кандай сезимдер болду?

- "Өнүгүү-Прогресс" партиясы жөнөкөй элдин партиясы. Мына ошол жаштарыбыз да жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан келечеги бар балдар. Кыргызстандагы саясий партиялардын жаштар канатынын өкүлдөрүнүн “Демократия мууну” дебатынын финалдык мелдешинде тажрыйбалуу партияларды артка таштап, чоң ийгиликке жетишкендигин кубануу менен кабыл алдым. Биз жаштарга үлгү боло турчу иштерди жасап, элдин кызыкчылыгы үчүн иш алып бара жаткандыгыбыздын бул дагы бир мисалы. Мен дебатта жеңишке жетишкен жаштарыбызды кабыл алып, аларды куттуктап, кең келечек кааладым. Мен алар менен сыймыктанам.

- Учурдан пайдаланып сизге дагы бир-эки суроо узата кетейин. Жаштарга туура жолду көрсөтүүдө биздин идеологиябыздын маңызы кандай болушу керек деп эсептейсиз?

- Коомдун негизи бул бекем үй-бүлө жана билимдүү жаран болуп эсептелет. Үй-бүлө – коомдун пайдубалы . Дал ушул салттуу үй-бүлөдө адам инсан катары калыптанат, анын дүйнө таанымы жана биздин салттуу баалуулуктарыбыз түптөлөт. Ошого карабастан бүгүнкү күндө үй-бүлө институту көп сандаган сыноолорго туш болуп жатат. Ал биринчиден, жумушсуздук, миграция, базалык кызматтардын төмөн сапаты, жетишсиз корголгондук жана коопсуздук. Индивидуализмди үгүттөө (айрым бир ЖМКда жана социалдык түйүндөрдө), баюуга умтулуу, эркектер менен аялдардын ортосундагы мамилелердин, бир жыныстуу никелердин, зомбулуктун жана биздин элибизге тиешелүү болбогон башка баалуулуктардын либералдашуусу үй-бүлөгө жана инсанга терс таасирин тийгизүүдө. Акыркы жылдарда ар кандай диний секталардын жана агымдардын, экстремисттик кыймылдардын жана топтордун тарапташтарынын саны өсүүдө. Мени Кыргызстандын жараны катары, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун өсүшү дагы тынчсыздандырат. Ошондуктан мен мамлекет элдин руханий коопсуздугу жөнүндө кам көрүүгө тийиш жана ар кандай бузуку күчтөрдүн аракетине бөгөт коюшу керек деп эсептейм. Салттуу үй-бүлөнү колдоого жана балдарды коргоо боюнча (балдарга зомбулук кылгандарга өлүм жазасын киргизүү) иштерди жүзөгө ашырууну өз программама так камтыдым. Кылымдар менен тандалган биздин каада-салттарга болгон таянычыбыз жана биздин элдин жогорку руханий багыттары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө мүмкүндүк бере турганына мен ишенем.

- Президент болуп калсаңыз жаш үй-бүлөлөрдү колдоого алуу боюнча кандай жумуштарды ишке ашырасыз ?

- Албетте, жаш үй-бүлөлөрдү колдоого алууну өз программама камтыдым. Кудай буюрса, биз «Базалык топтом» мамлекеттик программасын ишке киргизебиз. Бул программанын алкагында ар бир ымыркайга мамлекет тарабынан анын наамына мамлекеттик банкка 15 миң сом которулат, эгерде анын ата-энеси 5 миң сом которо турган болсо бул каражат депозитке салынат жана бала 18ге чыкканча бул каражат 150-170 миң сомго чейин жетет. «Базалык топтом» программасы келечекте балага Кыргызстандын каалаган ЖОЖуна тапшыруу же ипотека алуу үчүн мамлекеттик грант болуп берет.

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. PR-кызматы тарабынан даярдалды. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Рыскулов к. 79 "б". Чыгарылган датасы: 13.09.2017-жыл. Нускасы: 1 даана. Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Тулеев Б.Б. шайлоо фондунан төлөдү. Келишим №126/17-СR, 6-сентябрда түзүлдү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан