Кайсы БОНУС сиздин тандоо жана чечим?

Huawei өндүрүүчүлөрү жалпыга белгилүү дүйнөлүк бренддин параметрлеринен кем калбаган сапаттуу смартфондорду сунуштайт, бирок алар бир топ арзан турат. “Эмнеге кымбат төлөө керек?” - деп жүздөгөн пайдалануучулар сурап келет. Эгерде сиз алардын бири болсоңуз, анда Сиз O!Store дүкөндөрүнө пайдалуу сатып алууга жана О! мобилдик операторунан баланска 600 сомго чейинки бонусту алууга шашылыңыз!

Бүгүнкү күндө О! мобилдик операторунун эксперттеринин көңүл чордонунда – 2017-жылдагы сериянын Huawei Y смартфондорунун жаңы агымы болууда. Атайын сиздер үчүн биз гаджеттердин таңгагын ачып жана өз ара салыштырып көрдүк. Видеоталдоону facebook.com. шилтемесинен таба аласыздар.

Ойлонуп көрүңүз. Huawei Y3 тилкесиндеги эң белгилүү смартфондордун бири болгону 6990 сом турат. Ооба! Дал ушундай! Бул акчага сиз 2 200 мАч аккумулятору жана 8 мегапикселдик маңдайкы камерасы бар төрт ядролук процессору менен тыкан пластик жабдуусу бар, прогрессивдүү смартфонду аласыз.

2 SIM-картаны колдонууга болот жана эске тутуу картасы 128 ГБ чейин. Смартфон тез иштейт жана оюн ойногон учурда токтоп калбайт. Бир нече жыл мурда мындай акчага бул мүмкүнчүлүккө жетүү мүмкүн эмес болчу, ал эми азыркы күндө бул реалдуу. O!Store сатып алганда баланска + 200 сом БОНУСУ менен!

Huawei Y5 смартфону кийинки үлгүгө караганда пайдалуу көрүнөт. 5-дюймдук дисплейи менен өз ара кызматташуу ыңгайлуу болот. Ал эми экрандын анча чоң болбогон диагоналы смартфонду бир кол менен колдонууга мүмкүндүк берет. Сиздин селфи сүрөттөр сапаттуу болушу үчүн фронталдык жарыгы бар. Huawei Y5 (2017) сегиз ядролук процессор менен жабдылган, бул гаджеттин туруктуу иштөөсүн камсыздайт. Жабдыктагы көңүл бура турган жери аккумулятор. Мында иштеп чыгуучулар сыйымдуулугу 3000 мАч болгон чечимди колдонушту. Бул смартфон менен активдүү иштеген учурда бир жарым-эки күнгө жетет. O!Store'до смартфонду сатып алууда сиздин БОНУС + 400 сомду түзөт.

Huawei Y7 бюджеттик аппараттардын арасында алдынкысы болуп эсептелет. Көрүнүшү кооз жана саркеч, тез жана көпкө иштейт, сүрөткө да мыкты тартат. Процессордо жыштыгы 1,1–1,4 ГГц болгон 8 ядро бар, бул жогорку ылдамдыкта иштөөнү жана көпчүлүк колдонмолор системин, эң көп колдонгондорду да колдоону камсыздайт. 12- мегапикселдик негизги камера Full HD форматындагы видеороликти тартууга жөндөмдүү. Аппаратты накта селфи-гаджет деп атоого болот, себеби анын алдынкы камерасы 8 Мп чейинки мүмкүнчүлүккө ээ. Мындан тышкары смартфондун 4000 мАч сыйымдуу батареясы да өзгөчө болуп эсептелет. Жалпысынан бул ыңгайлуу баадагы 12900 сом болгон мыкты смартфон, аны сатып алууда сиз + 600 сом БОНУСун да ала аласыз!

O!Store дүкөндөрүндө түрдүү смартфонду насыяга да сатып алса болот. Бардык моделдерге 1 жылдык мөөнөткө расмий кепилдик берилет. O!Store дүкөндөрүнө келиңиз же үйдөн чыкпай алуу үчүн shop.o.kg интернет- дүкөнүнүн сайтынан заказ кылыңыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан